Алименттен качкан жаран 2,6 млн сом карызын төлөдү

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 117

Свердлов райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкери алимент өндүрүү боюнча мыйзамда каралган чараларды көрдү.

Анын жыйынтыгында карызкор алимент боюнча бардык карызын толук төлөп, өндүрүүчүнүн эсебине 2 млн 650 миң сом которду.

2026-жылдын 15-июнуна карата жүргүзүлгөн эсепке ылайык, алимент боюнча ашыкча төлөнгөн сумма 2 млн 556 миң 834 сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Сот аткаруучулар кызматынан билдиришкендей, сот актыларын өз убагында жана толук аткаруу боюнча иштер уланууда.

Бул чаралар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X