Алмамбет Шыкмаматов: Жапаровдун жарлыгы ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргойт
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаров кол койгон ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо боюнча жарлыктын максаты тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, документ ишкерлердин укуктарын коргоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Документте салыктык башкарууну өркүндөтүүгө багытталган бир катар чаралар каралган.