Алмаз БАТЫРБАЕВ, КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси: “ЖҮЗДҮ ТААНУУ СИСТЕМАСЫ – КООПСУЗДУКТУН ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛИ”

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 18

Бүгүнкү күндө видеобайкоо жана жүздү таануу системалары коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Коомдук жайларга орнотулган видеокамералар укук бузууларды өз убагында аныктоого, кылмыштарды ыкчам ачууга жана алардын алдын алууга мүмкүндүк берет. Жүздү таануу системасы медициналык беткап же көз айнек тагылган учурда да натыйжалуу иштейт. Шайкештик аныкталганда система маалыматты дароо ыкчам кызматтарга жөнөтөөрү жана бул иштердин натыйжалары тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси Алмаз Батырбаев менен маек курдук.

– Видеобайкоо жана жүздү таануу системасы кандай максатта киргизилген жана жыйынтыктары жөнүндө сөз кылып берсеңиз?

– 2021-жылы Ички иштер министри Улан Омокановичтин демилгеси менен Кырдаалдык борбор ачылып, республика боюнча заманбап видеобайкоо системасы этап-этабы менен ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык облустарында кырдаалдык борборлор иштеп, 24 саат бою үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул системанын негизги максаты — коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Ошондуктан видеобайкоо камералары эл көп топтолгон жерлерге — коомдук жайларга, соода борборлоруна, базарларга, аянттарга, сейил бактарга, көчөлөргө жана башка калктуу пункттарга орнотулган. Мунун баары коомдук коопсуздукту бекемдөө жана мыйзам бузууларды ыкчам аныктоо үчүн жасалууда.

Видеобайкоо орнотулган аймактарда кылмыштуулук кескин түрдө азайганы байкалат. Коомдук жайларда тартип сактоо жакшырып, укук бузууларды алдын алуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Бул системанын натыйжалуу иштеп жатканынын далили.

2022-жылдан тарта жүзүнөн таануу системасынын жардамы менен 3000ге жакын издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Алардын арасында эл аралык издөөдө жүргөндөр, Интерпол аркылуу изделгендер жана өлкө ичинде издөө жарыялангандар бар. Айрыкча дайынсыз жоголгон адамдарды табууда система чоң жардам берип, көптөгөн жарандар табылып, жакындарына аман-эсен кайтарылды.

– Кылмыш азайдыбы же камера аркылуу аныктоо жеңилдедиби?

– Эки жагдай тең бар. Биринчиден, камералар кылмыштын алдын алууга жардам берүүдө. Экинчиден, укук бузууларды ачуу кыйла жеңилдеди. Мурда окуя болгондон кийин жарандар милицияга арыз менен кайрылып, ыкчам-иликтөө иштери кийин жүргүзүлчү. Азыр болсо, кырдаалдык борборлор аркылуу окуялар онлайн режимде көзөмөлдөнүп, жеринде ыкчам чара көрүлүп, шектүүлөрдү ошол жерден кармоо учурлары жогорулады. Бул убакытты үнөмдөп, кылмыштын бетин тез ачууга шарт түзүүдө.

– Ошондон бери канча мыйзам бузуу аныкталды?

– Видеобайкоо жана санариптик көзөмөл системасы киргизилгенден бери республика боюнча 25 000ден ашык мыйзам жана тартип бузуу фактысы аныкталды. Бул көрсөткүч системанын коомдук коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү роль ойноп жатканын далилдейт.

– Демек, санариптик коопсуздук — келечектин негизги багыты десек болобу?

– Албетте, бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыз кылууда заманбап технологиялардын ролу өзгөчө мааниге ээ. Видеобайкоо, жүздү таануу жана санариптик башкаруу системалары коомдук коопсуздукту бекемдөөнүн эң натыйжалуу жана ишенимдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

– Бул системада жасалма интеллект колдонулабы?

– Ооба, система жасалма интеллекттин негизинде иштейт. Көпчүлүк адамдар “жүзүн таануучу система адамды кантип аныктайт?” деп сурашат. Адамдын жүзүндө биометрикалык чекиттер бар. Ошол чекиттер жасалма интеллект менен талданып, окшоштук деңгээли жогору болсо, система автоматтык түрдө үн аркылуу билдирүү жөнөтөт. Адам сакал өстүрүп, көз айнек же беткап тагынса да, система аны биометрикалык өзгөчөлүктөрү аркылуу так таанып, маалымат базасы менен автоматтык түрдө салыштырып аныктай алат. Мындай технология сырткы көрүнүш өзгөргөн учурда да адамдын жүз түзүлүшүндөгү туруктуу белгилерди талдап, жогорку тактык менен идентификация жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Техникалык система адам факторуна караганда так жана туруктуу иштейт. Адам байкабай калышы мүмкүн болгон учурларда да, система автоматтык түрдө маалымат берип, издөө иштерин ыкчам жүргүзүүгө жардам берет.

– Аталган система менен иштөө жолдору кандай?

– Видеобайкоо системалары менен иштөө абдан татаал жана тажрыйбалуу адистерди талап кылат. Ар бир камеранын өзүнүн техникалык спецификациясы бар жана түрү ар кандай: жүзүн таануу системалары, коомдук тартипти камсыз кылган камералар, жол кыймылын көзөмөлдөгөн транспорттук камералар. Ошондой эле стационардык камералар, 360 градуска айлануучу камералар бар. Булар менен коомдун коопсуздугун көзөмөлдөп, маалыматтарды үзгүлтүксүз текшерип, талдоо жүргүзгөн атайын кызматкерлер иштешет.

– Жүзүнөн таануу системасынын тактыгы жана ишенимдүүлүгү канчалык деңгээлде?

– Жүзүнөн таануу системасы видеобайкоо камералары аркылуу иштейт. Издөөгө жарыяланган адамдын маалыматы бирдиктүү базага киргизилип, автоматтык көзөмөлгө алынат. Эгер издөөдө жүргөн жаран камера орнотулган аймактан өтсө, ыкчам борборго дароо үн билдирүү түшөт. Андан кийин кызматкерлер сигналдын тактыгын текшерип, тиешелүү райондук бөлүмдөргө жана күзөт кызматтарына ыкчам тапшырма беришет. Шектүүнүн жүргөн багыты, сырткы келбети такталып, жерине кызматкерлер жөнөтүлөт. Кармалган адамдын өздүгү аныкталгандан кийин, ал издөө жарыялаган аймактагы ИИМ бөлүмүнө жеткирилет.

 – Анда мурдагыга салыштырмалуу азыр кылмышкерлерди кармоо жеңилдеди десек болобу?

– Албетте, бир топ жеңилдеди. Мурда аймактардан келген кызматкерлер издөө жарыяланган кылмышкерди аныктап кармоо үчүн кеминде 3-4 күн кетиришчү. Сурамжылоонун негизинде кылмышкерди табуу өтө татаал болгон. Маселен, “Кылмышкер Ош базарынын аймагында жүрөт” деген маалымат түшсө, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү базар аралап, ишеничтүү жарандардан сурап, убакыт коротуп, көп түйшүк тартып иштеп келишкен. Азыр болсо, видеобайкоо камералары аркылуу издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери дароо аныкталып, тиешелүү райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилет. Кээде ыкчам борбордон “изделип жаткан жаран белгилүү даректе жүрөт, кармап кетиңиздер” деген так маалымат берилет. Бул кызматкерлердин ишин кыйла жеңилдетип, убакытты үнөмдөдү.

– Камералардын санын көбөйтүү пландалып жатабы?

– Ооба, Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык республика боюнча видеобайкоо системасын кеңейтүү иштери пландалууда. Учурда кайсы аймактарга кошумча камералар керек экенин аныктоо үчүн комплекстүү талдоо жүргүзүлүп жатат. Камераларды жөн гана орнотуу жетишсиз — ар бир жердин өзгөчөлүгү эске алынат. Тактап айтканда, электр энергиясынын жана жабык интернет каналынын үзгүлтүксүз берилиши, камеранын көрүү бурчу, камтуу радиусу, эл көп топтолгон жана кылмыштуулук жогору катталган аймактар, караңгы жана көзөмөл жетишсиз жерлер толук изилденүүдө. Мындан тышкары, орнотулган камералар техникалык параметрлерине дал келип заманбап талаптарга жооп берип, маалыматтарды ыкчам борборго үзгүлтүксүз жеткирүүсү шарт. Бул иштер келечекте коомдук коопсуздукту дагы да бекемдөөгө шарт түзөт.

– Видеобайкоо системасы кайсы аймактарда орнотулууда жана бул жаңычыл технологиялар жол коопсуздугу үчүн да маанилүүбү?

– Коопсуз өлкө программасынын алкагында видеобайкоо камералары республика боюнча бардык облустарда кооптуу жол тилкелеринде, коомдук жайларда, мектеп, бала бакчаларда жана мамлекеттик иш-каналарда этап-этабы менен орнотулууда. Коопсуз шаар долбоорунун негизинде бүгүнкү күндө камералардын эң чоң бөлүгү Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан. Мындан тышкары, кызматкерлерге көрүүгө татаал болгон аймактарга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери дрондорду колдонуу аркылуу жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Жол коопсуздугун камсыз кылуу жана бүгүнкү күндө жол кырсыктары көп катталган аймактарга видео байкоо ылдамдыкты өлчөө, жол эрежелерин бузуу фактыларын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн анализдин негизинде орнотулуп келе жатат.

Ошондой эле коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, жашы жете электердин иштери боюнча тескөөчүлөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өздүк коопсуздугуна карата атайын боди камералар, планшеттер менен камсыздалган.

Планшеттер менен камсыз кылуунун негизги себеби – кызматкерлер мурда күнүмдүк ишинде 5-6 папка иш кагаздарын көтөрүп иш алып барууга мажбур болсо, азыр санариптештирүүнүн алкагында электрондук паспорт системасы кошулган планшеттер аркылуу ишин кыйла жеңил жана ыкчам жүргүзүп жатышат.

Санариптик технологиялар жол коопсуздугун жана жалпы жарандардын коопсуздугун камсыздоодо өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Заманбап көзөмөл каражаттары тартип бузууларды ыкчам аныктоого, жол кырсыктарынын алдын алууга жана коомдук тартипти бекемдөөгө олуттуу салым кошууда.

– Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Маектешкен Бактыгүл Кулатаева

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X