Алмазбек Акматалиев: Кезектеги шайлоонун таза жана калыс өтүшү — Кыргызстандын жаңы келечегини пайдубалы

5-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Саясат 21

Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо таза жана калыс өтсө, Кыргызстандын алдында жаңы келечек ачылат. Мындай пикирин саясий серепчи, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу               академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев «Эркин –Тоо kg» сайтына билдирди.

«Албетте, былтыркы окуялардан эл да, бийлик да, партиялар да жыйынтык чыгарып, сабак алыш керек. Эң оболу- Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо таза жана калыс өтүшү зарыл. Эгер ушул жагдай ишке ашса, анда Кыргызстандын алдында жаңы келечек ачылаарына эч шек жок», — деди Акматалиев.

Анын пикиринде, октябрь окуяларынын негизги максаты бул парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу болгон. Ал максат аткарылды.

«Бирок, пандемиядагы бийликтин каталары, коррупция менен күрөшүүдөгү алешемдиктер, шайлоодогу болуп көрбөгөндөй добуш сатып алуулар, экономикалык масштабдуу кризис акыры жогорку бийликти да алмашууга алып келди. Мамлекеттик башкаруу системасы, президенттик- парламенттик башкаруу системасынын түпкүлүктүү, системдүү «миналары» акыры жарылды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу, себеби парламенттик башкарууга эл да, партиялар да, бийлик өзү да даяр эмес экени айкын болуп калды»,- деп белгиледи Акматалиев.

Анын айтымында октябрь окуяларына чеийин саясий партиялар саясий коррупцияга кеңири жол ачып беришти, депутаттык мандаттар ачык сатылып калды.

«Бул системанын эң жаман жери: Президент көмүскө башкаруусуна жол ачылган! Конституция боюнча де-юре эч бийлиги жок Президент, бүт эл аркылуу шайланган соң, де-факто бүт чече баштаган. Себеби, эл андан талап кылышат да. Укуктук мүмкүнчүлүктөрү чектелген Президенттер 2011 —  жылдан баштап эле көмүскө башкарууга өтүп келишкен. Мыйзамда жазылган нерсе турмушта иштеши мүмкүн эмес болчу, себеби партиялардын өзү олигархтардын, көпөстөрдүн шеринесине айланып калган. Ошол үчүн былтыркы ынклаптын негизги жыйынтыгы деп шайлоонун жокко чыгарылышы эмес. Конституциянын алмашуусу десек туура болот. Президенттик башкарууга өткөнүбүз бул негизги максат жана жыйынтык», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Эскерте кетсек,  2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда өткөн  парламенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбой, 5-6 –октябрда  бир катар саясий партиялардын мүчөлөрү жана жарандык коом Бишкекте нааразылыкка чыккан. Анын натыйжасында милиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан  каза болуп, элдин талабы менен Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетүүгө мажбур болгон.

5-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Саясат 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X