Alpina күйөрмандары үчүн чоң белги: BMW жаңы доорду бензин V8 менен баштайт
Электр доору күч алып турган чакта BMW Alpina күйөрмандарына таптакыр башкача белек даярдады. Бавариялык өндүрүүчү Вилла-д’Эстедеги Конкурс элегантности иш-чарасында Vision BMW Alpina концептин көрсөттү. Эң кызыгы — бул унаа электр эмес, гибрид да эмес. Анын жүрөгүндө классикалык бензин V8 турат.

Бул модель BMW Alpina брендин толугу менен өз карамагына алгандан кийинки алгачкы ири долбоор катары көрсөтүлүүдө. Ошондуктан концепт жөн гана дизайндык эксперимент эмес, Alpina үчүн жаңы доордун башталышы катары кабыл алынып жатат.
Азырынча мотордун так мүнөздөмөлөрү айтылган жок. Бирок автоэксперттер жаңы Alpina үчүн BMW M5 моделиндеги 4,4 литрлик эки турбиналуу V8 кыймылдаткычынын күчөтүлгөн версиясы колдонулушу мүмкүн деп болжолдошууда. BMW унаанын үнү төмөн айланууда терең, ал эми жогорку айланууда курч жана эмоциялуу болорун белгиледи. Башкача айтканда, бул жерде үнсүз электр эмес — чыныгы бензин мүнөзү бар.

Vision BMW Alpina узундугу 5200 мм болгон чоң Gran Turismo купеси катары жасалган. Салону төрт адамга ылайыкташкан, ал эми дизайнында легендарлуу Alpina моделдерине, өзгөчө E24 базасындагы Alpina B7 Coupé унаасына шилтемелер байкалат.
Alpinaнын негизги белгилеринин бири болгон 20-спицалуу дисктер да унутулган эмес. Алдыңкы бөлүгүндө 22 дюймдук, арткы бөлүгүндө 23 дюймдук дөңгөлөктөр орнотулган. Салондо Альпы аймагындагы жеткирүүчүлөрдөн алынган тери, көк жана жашыл түстөгү тигиштер, металл деталдар жана Alpina стилиндеги өзгөчө интерфейс колдонулган.

Ичиндеги майда деталдар да өзүнчө көңүл бурат: арткы подлокотникте эки хрусталь бокал жана суу үчүн айнек бөтөлкө жашырылган. Медиасистемада Comfort+ режиминде салмактуу, тынч түстөр басымдуулук кылса, Speed режиминде Alpinaнын фирмалык көк-жашыл түстөрү дагы даана көрүнөт. Ал эми дисплейдеги голографиялык заставка Alpinaнын Германиянын Бухлоэ шаарындагы штаб-квартирасынан көрүнгөн Альпы пейзажын чагылдырат.
Алгачкы сериялык BMW Alpina 2027-жылы чыгары күтүлүүдө. Ал 7 Series базасында жасалат. Бирок эң башкы сигнал азыр эле түшүнүктүү: Alpina жаңы доорго кирип жатат, бирок бензин кыймылдаткычынан баш тартууга шашылган жок.
ДВС күйөрмандары үчүн бул жөн гана концепт эмес. Бул — Alpina дагы деле үнү, мүнөзү жана жолдогу эмоциясы бар унааларды жасай турганын көрсөткөн белги.
