"Эркин-Тоо"

«Алтын калем» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат

12-декабрь — Улуттук адабият күнүн утурлай Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу биргеликте «Алтын калем» сынагынын жыйынтыгын чыгарып, сыйлык тапшырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Сыйлык тапшыруу аземи 12-декабрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук адабият күнүнө жана дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата салтанат өткөрүлөт.

«Алтын калем» сынагынын жобосуна ылайык, адабияттын проза, поэзия, драматургия жанрлары боюнча үч жеңүүчү аныкталып, ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге тапшырылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!