Алтынбек Кутманов Президенттин жана МинКабдын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары – уюштуруу-инспектордук бөлүмдүн башчысы болуп дайындалды
Кутманов Алтынбек Аскарович Президенттик Администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу-инспектордук бөлүмдүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.