Алтынбек Максүтов: Кырчындагы этношаар келечекте да сакталып калат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов Кырчындагы этномаданий шаарча бир күндүк иш-чара үчүн гана эмес, келечекте да сакталып кала турган өзгөчө жай болушу керектигин белгиледи.
Анын айтымында, бул жерде тамактанууга, эс алууга шарт түзүлүп, кино жана клип тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле этношаар туристтер кызыгып келип көрө турган маданий жайга айланышы мүмкүн.
Максүтов бул жай келечекте кыргыз элинин көчмөн маданиятын, жашоо-турмушун жана улуттук тамак-ашын тааныткан өзгөчө «шаарчага» айланарына ишеним билдирди.
«Бул жерге мекендештерибиз, чет өлкөдө жашаган кыргыздар, замандаштарыбыз жана балдарыбыз келип, кыргыздын байыркы жашоо-турмушу менен таанышып, эс алып кетсе деген тилегим бар», — деди ал.
Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги маданий аянтчаларынын бири болуп саналат.