Апасы уулун өтө жакшы көрсө эмне болот?

23-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 27

Психологдор эбак эле уул баланын эне менен болгон байланышы маанилүү экендигин аныктап чыгышкан. “Эгер эне уул бала менен өтө жакын болсо, ал ар тараптуу болуп өнүгөт”, -дешкен алар.

  1. Аялдар мырзаларга караганда этият болушат. Алар балдарын кырсыктардан коргоп жатып, уул баланы келечекте боло турган тобокелчиликтерде этият болууга үйрөтүшөт. Уул балдар болуп жаткан окуяларга акылдуулук менен мамиле кылууну да апасынан үйрөнүшөт.
  2. Аялдын камкордугунда көп болгон уул бала жоопкерчиликтүү болгонду билет. Идиш- аякка болгон мамиледен тартып, адамдар ортосундагы алакаларды жасоону апасынан үйрөнүшөт.
  3. Ийгилик сыры — энеде! Балдар эненин генин алып жүрүшөт. Бул изилдөөлөр аркылуу далилденген. Андыктан, эне ийгиликтүү болсо, баласы да ийгилик жарата алат.
  4. Үйрөнгөнүн кылат. Бала апасынан эмнени үйрөнсө, келечекте ошол нерселерди кылат. Бул да изилдөөөр аркылуу далилденген. Уул бала апасынан үйрөнгөндөрүн балдарына үйрөтөт. Үйдө идиш жууп, аялдардын ишин кылган дурус көрүнүш. Мындай уулдардын мүнөзү жумшак болот.
  5. Апасы менен жакын болгон бала аялдарга жаман мамиле жасоодон алыс болот. Ата тарбиясы балага муну үйрөтө албайт. Атасы аялга аяр бол деп миң жолу айтканы менен натыйжа болбойт. Уул бала аяр болушу үчүн аялдар менен көп жүрүшү зарыл.
  6. Адамгерчиликтүүлүк, түшүнүү менен мамиле кылуу аялдарга мүнөздүү нерсе. Уул бала эгер апасы менен жакын болсо, жакындары менен сүйлөшкөндө көп корсулдай бербейт.
  7. Оюн ачык айта алат. Аталары менен жакын болгон бала тартынчаак болуп, өзүнүн оюн айта албайт. Ал эми апасы менен жакын бала апасына баарын айтып берип жатып, ачык жана эркин болот.
  8. Уул бала апасынын күнүмдүк турмушта кандай болгонун байкайт. Ал эмгекчил болсо, эмгекчилдикке үйрөнөт. Жалкоо болсо жалкоо болот. Апасы менен бирге жүргөн балдар турмуштагы оор акыбалдардан чыгуунун жолун эрте үйрөнүшөт. Анткени, оор турмуштук кырдаалдан аялдар жакшы чыга алышат. Алар күчтүү да боло алышат.
  9. Апасы менен жакын бала өзүнөн кичинекейлерге боорукердик менен мамиле жасайт.
  10. Жашоодогу суроолорго жооп издеп, аларды акыл менен чече алышат. Бала окуяларга апасынын кандай мамиле жасап жаткандыгын карап, мамиле жасайт. Ошондуктан эгер апалар өтө эмоционалдуу болушса балдардын жанында сезимдерин жашыруусу зарыл.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X