"Эркин-Тоо"

Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди.
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.
Алар, 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.
Андан соң, Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!