«Арашан» койлору эл аралык рынокко чыгууга багыт алды

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

19-сентябрда Кыргызстанда эт-май багытындагы «Арашан» кой породасын өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү.

Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Фестивалда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу мал чарбасын, анын ичинде асыл тукум мал өстүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, «Арашан» койлорун экспорттоо, аларга асыл тукум мал макамын берүү жана фермерлерге жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыяларды сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Ошондой эле «Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу мал чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экени белгиленди.

Фестивалдын жүрүшүндө чет өлкөлүк жана жергиликтүү фермерлер тажрыйба алмашып, кызматташтыкты кеңейтүү жана «Арашан» койлорун эл аралык рынокто таанытуу маселелерин талкуулашты.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X