Араванда 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда
Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 109 млн сомду түзөт.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу мектеп үч блоктон турат.
Имаратта предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт залы каралган.
Учурда имараттын ички шыбак иштери аяктап, чатыры толук жабылды. Азыр ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.
Курулуштун сапатын жана иштердин аткарылышын министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.