Профайлер-верификатор – бул байкоо жүргүзүү аркылуу 2-5 мүнөттүн ичинде адамдын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, калп айтканын же чын сүйлөп жатканын мимика, эмоциясынан, бет булчуңдарынын кыймылынан, өзүн алып жүрүүсүнөн, кол жаңсоолорунан байкап биле алган адис. Кыргызстанда мындай адистикти алып жүргөн саналуу инсандар бар. Алардын бири профайлер-верификатор, психоаналитик, милициянын отставкадагы подполковниги Арсланбек Камчыбеков. Биз Арсланбек мырзага кайрылып, акыркы убакта көп катталып жаткан зордук-зомбулук фактылары тууралуу сүйлөштүк.
— Арсланбек мырза, сиз алектенип жүргөн илим зордук-зомбулукка жакын адамдардын жалпы белгилерин аныктай алабы. Дегеле андай адамдарды сырткы келбетинен, жүрүш-турушунан эле билсе болобу?
— Ооба профайлинг илими зомбулукка жакын адамдардын жалпы белгилерин аныктап бере алат. Көбүнчө мындай кылмыштарга 35-40 жаштагы жыныстык же психикалык бузулуулары бар эркектер барат. Алардын мүнөзү кичинекей кезинде эле билинет. Келечекте зомбулукка жакын боло турган балдар жаныбарларды кыйнаганды жана шылдыңдаганды, бир нерселерди өрттөгөндү абдан жактырышат. Энурезден (сийгектик) жабыркашы мүмкүн. Мындан тышкары тарбия, генетика, бала кезинде алган психологиялык травмалар таасир бериши ыктымал. Агрессивдүү адамдын белгиси – каштары төмөн, калың, бадалдуу, жумшак эмес, кыска үч бурчтук формада болот. Алар адамдарды башкарганды сүйүшөт. Абдан кызганчаактарда тестостерондун (эркектердин гормону) деңгээли абдан бийик болору аныкталган.
Үстүңкү эриндери калың, астыңкысы ичке болушу мүмкүн. Негизи профайлинг илиминде ичке эриндүүлөр көбүнчө башка адамдардын эмоцияларын жакшы сезе бербеген адамдар катары сыпатталат.
Чекесиндеги каш сөөктөрү көрүнүктүү адамдар да агрессияга жакын болушат. Кулактардын делдейип тышка чыгып турушу – өжөрдүктөн кабар берет. Көздөр кичинекей болушу ыктымал. Кыска кичинекей манжа – психиканын туруктуу эместигинен кабар берет. Ооздун жана эриндин асимметриялык формасы (сол тарапка бурулган) – бул эки жүздүүлүктүн белгиси катары сыпатталат. Эми бул илимде айтылган жалпы белгилер. Биз бул жалпы аныктамаларды кылмышкерлерди изилдөөдө пайдаланабыз.
— Зомбулукка жакын адамдарды кол жазмаларынан да билсе болот дешет?
— Кылмышкерлердин кол жазмаларын изилдеген учурда тамгалары өйдө-ылдый, курч бурчтуу, жазуунун басымы – катуу башкача айтканда оюп жазат же туруксуздук басым менен жазышканы байкалган. Мындай жазуулар психоз менен жабыркаган адамдарда болот. Тамгалардын жантайышында жана басымында эч туруктуулук жок болсо, окулбай, сынуулар байкалса да психикага доо кеткендиги деп саналат. Бир эле кол жазмада эки башка стиль бар болот. Профайлингде изилденип жаткан адамда мен башта санап өткөн жалпы белгилердин көпчүлүгүнүн болушу маанилүү. Эгер бир эле белги болсо аны зомбулукка жакын деп анализ чыгарганга болбойт. Негизи мен сизге азыраак эле белгилерди санап бердим. Дагы көп белгилери бар.