Артем Новиков сыйланды — ВИДЕО
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун учурдагы төрагасы Артем Новиковго ага-лейтенант наамын ыйгарды. Сыйлыкты министр Таалайбек Өмүралиев тапшырды.
Новиковго наам үстүбүздөгү жылдын апрель айында Баткенде орун алган кыргыз-тажик жаңжалы учурунда мамлекеттик органдар менен күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоого жана Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн мөөнөтүнөн мурда берилген.