Асанбай кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

16-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 25

Бишкектин Октябрь районундагы Асанбай кичи районунда көп кабаттуу жаңы курулуп жаткан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылды.Саат 21:53 өрт чектөөгө алынып, учурда өрттү өчүрүү үчүн толук иш чара жүргүзүлүүдө. Кооптуу жагдай жок, курулуп жаткан имараттын 6-чы кабатында жыгач үстүндүүлөр күйүп жатат.

16-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X