Асел Набиева: Эми Кыргызстан БУУда маселелерди талкуулоого түз катышат

Кыргызстанда, Ливан жана Түркияда БУУнун ар кандай кызматтарында иштеп, эл аралык тажрыйба топтогон, ЖК депутаттыгына талапкер Асел Набиева менен Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы өлкө үчүн кандай мааниге ээ экени, анын дүйнөлүк саясаттагы орду жана Борбор Азия үчүн жаралган жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маек курдук.

Асел айым, БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1945-жылдан бери эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда негизги орган болуп келет. Ушундай түзүмгө мүчө болуу Кыргызстан үчүн кандай мааниге ээ?
— БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндөн тартып эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоонун башкы институту катары калыптанган. Бул орган дүйнөлүк коопсуздук маселелерин талкуулап, глобалдык чечимдерди кабыл алган эң маанилүү саясий аянтча. Кеңеш 15 мүчөдөн туруп, 5 туруктуу мүчөсү бар. Алар АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай жана Россия. Башкы Ассамблея тарабынан эки жылдык мөөнөткө 10 туруктуу эмес мүчө шайланат.
Бул түзүмдүн мааниси дүйнөлүк саясатта өзгөчө жогору болгондуктан, ага мүчө болуу ар бир мамлекет үчүн олуттуу дипломатиялык мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан 2017–2018-жылдары Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Ал эми Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу бул органга шайланып, дүйнөлүк дипломатиялык чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул жөн гана дипломатиялык ийгилик эмес, мамлекеттин эл аралык системадагы ордун сапаттык жаңы деңгээлге чыгарган маанилүү саясий окуя.

Бул шайлануу дипломатиялык жеңишпи же дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга болгон ишениминин системалуу көрсөткүчүбү?
— Бул окуяны бир гана дипломатиялык ийгилик катары кароо жетишсиз. Бул – Кыргызстандын эл аралык аброюна, тышкы саясаттагы ырааттуулугуна жана глобалдык коопсуздук маселелерине кошкон реалдуу салымына берилген комплекстүү саясий баа.
Эгер БУУга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Кыргызстанды колдосо, бул өлкөгө болгон ишенимдин өсүп жатканын жана аны жоопкерчиликтүү, конструктивдүү эл аралык өнөктөш катары кабыл алганын көрсөтөт. Бул жыйынтык көп жылдык дипломатиялык эмгектин жана ырааттуу тышкы саясаттын натыйжасы болуп саналат.

— Бул колдоо Кыргызстандагы акыркы жылдардагы саясий туруктуулук, экономикалык өсүш жана көп векторлуу тышкы саясат менен байланыштуубу?
— Мындай чечимдер, адатта, бир гана факторго таянбайт. Добуш берүүдө мамлекеттер талапкер өлкөнүн ички өнүгүүсүн, тышкы саясаттагы багытын жана эл аралык ишеним деңгээлин комплекстүү түрдө баалашат. Айтайын дегеним, Кыргызстан акыркы жылдары саясий институттарды чыңдоо, экономикалык реформаларды ишке ашыруу жана регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү багытында олуттуу жылыштарды көрсөттү. Ошол эле учурда көп векторлуу жана тең салмактуу тышкы саясат ар түрдүү геосаясий борборлор менен туруктуу диалог жүргүзүүгө шарт түздү. Бул факторлор эл аралык колдоонун кеңейишине түздөн-түз таасир этти.

Добуш берүүдө Кыргызстанды ишенимдүү талапкер катары көрсөтө алган негизги критерийлер кайсылар болду?
— Кыргызстан бир катар стратегиялык багыттар боюнча өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алды. Биринчиден, регионалдык кызматташтыкты бекемдөөдө жана чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүдө активдүү позицияны кармады.
Экинчиден, эл аралык укуктук принциптерин жана БУУнун уставдык баалуулуктарын ырааттуу колдоп келди.
Үчүнчүдөн, конструктивдүү диалогго ачык, ишенимдүү жана алдын ала божомолдонгон өнөктөш катары өзүнүн эл аралык позициясын бекемдеди. Бул сапаттар бүгүнкү татаал геосаясий шарттарда өзгөчө мааниге ээ.

Бул тарыхый чечим Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы ордун түп-тамырынан өзгөрткөн “ишеним индекси” катары каралышы мүмкүнбү?
— Ооба, белгилүү бир деңгээлде ошондой десе да болот. Коопсуздук Кеңешине шайлануу мамлекеттин эл аралык статусун дароо өзгөртпөсө да, дүйнөлүк чечим кабыл алуу процессине түз катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул жетишкендикте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган тышкы саясаттагы ырааттуу багыт жана дипломатиялык кызматтын активдүү иши өзгөчө роль ойноду. Акыркы жылдардагы системалуу аракеттер өлкөгө болгон ишенимди бекемдөөгө олуттуу салым кошту.

Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу Кыргызстанга дүйнөлүк саясатта кандай реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет?
— Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары Кыргызстан эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулоого түздөн-түз катышат жана тиешелүү резолюциялар боюнча добуш берүү укугуна ээ болот.
Бул нерсе өлкөгө дүйнөлүк күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча өз позициясын билдирүүгө, демилгелерди сунуштоого жана көп тараптуу дипломатия аркылуу чечим кабыл алуу процессине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет. Туруктуу эмес мүчөлөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону менен алардын дипломатиялык активдүүлүгү глобалдык талкууларда олуттуу мааниге ээ болот.

Ал жака шайлануу Борбор Азиянын эл аралык аренадагы ролуна таасир тийгизеби?
— Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы, Борбор Азия мамлекеттеринин эл аралык деңгээлдеги өкүлчүлүгүн күчөтөт. Бул региондун көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын дүйнөлүк коомчулукка кеңири жеткирүүгө шарт түзөт. Ошондой эле аймактык кызматташтыкты бекемдеп, Борбор Азиянын тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү маселелериндеги жалпы позициясын эл аралык деңгээлде натыйжалуу илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде суу, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана чек ара коопсуздугу сыяктуу маселелерди көтөрө алабы?
— Ооба, Кыргызстан мындай маселелерди Коопсуздук Кеңешинин алкагында көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүк алат. Айрыкча суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, энергетикалык коопсуздук, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана чек ара туруктуулугу Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул маселелерди дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу эл аралык колдоону тартууга, инвестициялык жана техникалык жардам алууга, ошондой эле региондук кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

— Жакынкы жылдары БУУ менен кызматташтык кайсы багыттарда өнүгүшү мүмкүн?
— Жакынкы жылдары БУУ менен кызматташтык туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган жаңы стратегиялык демилгелердин негизинде кеңейиши күтүлөт.
Маселен, жашыл экономикага өтүү, климаттык туруктуулукту чыңдоо, санариптик трансформацияны илгерилетүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү өзгөчө артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет. Ошону менен катар суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча биргелешкен программалар да улантылат. Бул багыттардын бардыгы Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизги өзөгүн түзүп, өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X