Асфальттан кийин кезек тротуар менен жарыктандырууга келди. Нарындын Ленин көчөсү жаңыланууда

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жолду көрктөндүрүү жана инфраструктураны жаңылоо иштери уланууда.

2025-жылы көчөнүн жол бөлүгү толугу менен асфальтталган. Быйыл жол жээгине суу өткөрүүчү лотоктор жана тротуарлар орнотулуп, көчөнү жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

12-августта Жол чарба департаментинин директору Улан Жергазарович курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Текшерүү учурунда көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Ошондой эле иштерди тездетип, кемчиликтерди жоюу жана курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Учурда көчөдө 51 жол жумушчусу иштеп жатат. Курулуштун сапаты жана мөөнөтү көзөмөлдө болот.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X