Ашхабадда Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө, Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышып, анда соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык жана башка чөйрөлөрдөгү аймактык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланган. Кыргызстандан барган делегациянын курамындагы ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркмөнстандын ички иштер министри Овездурды Ходжаниязов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн приоритеттүү тапшырмалардын бири коңшу мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз жана жылуу мамилелерди түзүү экенин белгиледи.
“Заманбап дүйнөдө ааламдашуу процесси бир убакта кылмыштуулуктун трансформациясына дагы таасир этип, кылмыш дүйнөсү барган сайын технологиялык жактан өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышууда. Ошондуктан, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин талап кылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коңшу өлкөлөр менен улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө өзгөчө маани берет”,-деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.
Жолгушууда мындан тышкары Түркмөнстан географиялык жактан Ооганстанга жакын жайгашкандыктан, түркмөн кесиптештер баңгизатка каршы күрөшүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленип, Кыргызстандын ички иштер министрлиги баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү үчүн ар дайым жигердүү кызматташууга даяр экендиги айтылды.
Эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусунда кылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү маселелери, ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүгө кызыктар экенин ырасташты. Кыргызстандын ИИМнин башчысы Түркмөнстанга болгон иш сапары жемиштүү болооруна жана биздин министрликтердин учурдагы эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары да бекемдей тургандыгына даяр экендигин билдирди, дейт ИИМдин басма сөз кызматы.