Ашраф Гани элинен кечирим сурады
Ооганстандын экс-президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени жана кырдаалды өзгөртө албаганы үчүн элинен кечирим сурады. Ал кечиримди өзүнүн Твиттер баракчасы аркылуу сураган.
«Кабулдан кетүү мен үчүн эң оор чечим болду. Бардыгы трагедия менен аяктаганы үчүн ооган элинен кечирим сурайм, баарын башкача бүтүрө албадым. Мен болгону өлкөдө 1990-жылдагы болгон жарандык согуштагыдай кан төгүү орун алышын каалаган жокмун», — деп жазды ал.
Андан сырткары кайрылууда өлкөдөн көп суммадагы акча алып чыгып кетпегендигин баса белгилеген.