Аскат Алагозов УТРКдагы эл аралык медиа иш-чарада Жапаровдун атынан сөз сүйлөдү

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов 30-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) имаратында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча өнөктөш жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы медиа иш-чарада мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Куттуктоонун тексти: Урматтуу меймандар, кадырлуу кесиптештер, айымдар жана мырзалар!

Сиздерди борборубуз Бишкекте, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын куттуу имаратында тосуп алып, жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын.

Урматтуу Аскат Жумакадырович жана Шэнь Хайсюн мырза бул эл аралык форумду өткөрүүгө колдоо көрсөткөн үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем. Кадырлуу меймандар, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр жана ошондой эле достук мамиледеги мамлекеттердин, көрүнүктүү жалпыга маалымдоо каражаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен «Си Цзиньпиндин сүйүктүү учкул сөздөрү» теле долбоорунун көп тилдүү версиясын ишке киргизүү аземинде жүз көрүшүү биз үчүн чоң сыймык. Бүгүнкү жолугушуу эл аралык медиа коомчулуктун кеңири чөйрөсүнөн өкүлдөрдү бириктирип жатканы менен өзгөчө жагымдуу. Бул жолугушуу кесиптик чөйрөдө гана өз ара аракеттенүү эмес, ошондой эле өз ара ишенимди бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун жаңы багыттарында изденүүгө жакшы аянтча болоруна ишенем. Өз кезегинде Кытай медиа корпорациясындагы кесиптештер жана урматтуу Шэнь Хайсюн мырзанын жеке өзүнө, биздин уюмдар ортосунда кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн биргелешип жасаган аракети үчүн дагы бир жолу чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.

Бүгүнкү иш-чара – азыркы массалык маалымат каражаттары, өлкөлөр жана элдерди бириктирүү менен маданий алака, өз ара түшүнүшүү үчүн мейкиндик түзүүгө жөндөмдүү экенине айкын далили болуп саналат. Санарип технологиясы жана жаңы коммуникациялык платформалардын ургалдуу өнүгүү доорунда медиа чөйрө масштабдуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда.

Ушуга байланыштуу, түрдүү өлкөлөрдүн медиа түзүмдөрү ортосундагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болууда. Жасалма интеллект, жасалма нейрон тармагы (нейросеть) жана башка санариптик каражаттар маалымат түзүү, жайылтуу жана пайдалануу процессин өзгөртүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда, алар медианын алдына– контенттин аныктыгын камсыз кылуу жана маалымат мейкиндигин коргоодон баштап, киберкоопсуздук, кесиптик жоопкерчилик жана аудиториянын ишенимине ээ болуу маселелерине чейин жаңы чакырыктарды койгон кези. Мындай шартта технологиялык өзгөрүүлөрдү жөн гана ээрчип жүрүү эмес, жаңы каражаттарды биргелешип өздөштүрүү, практикалык тажрыйба алмашуу, натыйжалуу чечимдерди издөө жана медиа чөйрөнү андан нары өнүктүрүү багыттарын аныктоо өзгөчө маанилүү.

Биздин корпорация үчүн эл аралык кызматташтык ишмердүүлүктүн чечүүчү багыттарынын бири болуп саналат. Биз тажрыйба алмашуу, медиа контентти биргелешип чыгаруу жана гуманитардык байланыш жана өлкөлөр ортосундагы түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашырууга Биз бүгүнкү иш-чараны тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды бекемдөө жана биргелешип жаңы демилгелерди баштоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары көрөбүз.

Катышуучулардын өз ара аракеттенүүсү заманбап медиатехнология жаатында практикалык чечимдерди иштеп чыгуу, контент өндүрүү жана жайылтуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын медиа чөйрөсүн өнүктүрүү, эл аралык алдыңкы тажрыйбаны киргизүү жана биздин өлкөлөр ортосундагы алаканы бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.

Бүгүнкү жолугушуу биздин өнөктөштүктү мындан нары да өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жаңы биргелешкен долбоор жана демилгелерди көтөрүүгө дем берет деп ишенем. Дагы бир жолу бардык меймандарды кош келиңиздер деп, иш-чарабыз ийгиликтүү жана жемиштүүаяктоосун каалайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X