Аскер кызматкерлеринин 70 пайызы ипотека аркылуу үй алды

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30


Аскер кызматчыларынын 70 пайызы ипотека аркылуу үйлүү болушту. Бул тууралуу Коргоо минстрлигинин финансы башкармалыгы башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.
“Эгерде аскер адамы ипотека алса, ага ай сайын 9 миң сомдон бөлүнүп берилет. Ал эми калган айырмасын өзү төлөйт. Бул тууралуу 2017-жылы чыккан № 8 токтомдо каралган. ”, — дейт министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-сентябрда Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов, Коргоо министрлигинин пенсия бөлүмүнүн башчысы Ханзада Осмоналиевалар жыйын өткөрүштү.

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X