“Атаман Кей Джи” тоңдурулган жарым фабрикаттарды чыгаруучу ишканасынын директору Мавлуда ОСМОНОВА: “АДАМДЫ ТАЗА ЭМГЕК ГАНА БИЙИКТИККЕ ЖЕТКИРЕТ”

Мавлуда Осмонова — бүгүн көпчүлүккө “Атаман” аты менен белгилүү болгон чүчпара өндүрүш ишканасынын негиздөөчүсү. Ал мындан 25 жыл мурун беш тестиер баласын тарбиялап, үйбүлөсүнө колдоо көрсөтүүнү максат кылып, чүчпарасын түйүп, соода түйүндөрүн кыдырып, өз эмгегин тартуулоодон уялган эмес. Мавлуда Осмонованын өмүр жолу – жоопкерчиликти моюнга алып, аракеттен тайбаган эрктүү, сабырдуу жана максатка умтулган аялзаты. Анын мисалы жүрөгүндө ишеним оту бар адам кандай гана шарт болбосун өз жолун таап, эмгек менен бийиктикке жете аларын дагы бир ирет далилдейт.

— Мавлуда Мамановна, ишканаңыздарды кандайча түзүп калдыңыздар эле?

— Ишканабызды 2001-жылы негиздегенбиз. Кесибим боюнча медикмин. Жолдошум экөөбүз беш баланы тарбиялап жаткан кезде, эң кичүү уулум эки жашка толгондо, үй-бүлөбүздү камсыздоо үчүн кошумча киреше табуу зарыл болду. Ошондо чүчпара жасап сатууну чечтим. Алгач 500 граммдан таңгактап, азык-түлүк дүкөндөрүнө өзүм барып өткөрчүмүн. Ал кезде тоңдурулган азыктар эл арасында кеңири колдонулчу эмес, ошондуктан сатуу оңой болгон жок. Кийин сиңдилеримди жардамга чакырып, 4-5 кыз болуп иштей баштадык. Камырды жука жайып, даяр продукцияны дүкөндөргө таратып жүрдүк. Ал учурда таңгактарда аталыш да, түшүндүрмө да жок эле. Бир аз убакыт өткөн соң продукцияны расмий каттоодон өткөрүү талабы коюлду. Шаардык статистика башкармалыгына барсам: “Каттоо үчүн сөзсүз ат коюшуңуз керек”, — дешти. Үйдө үй-бүлөбүз менен кеңешип, балдарыбыздын ысымдарынын баш тамгаларын бириктирдик. Улуу кызым Анара, уулум Тилек, кыздарым Айзат менен Нурзат жана кичүү уулум Мустафа — ушул аттардан «Атаман» деген ат жаралды. Ошентип, сертификат алып иш баштаганыбызга быйыл 25 жыл толуп жатат.

— Алгачкы капиталыңыз канча сом болду эле?

— Ишти баштаганда жолдошум баштапкы каражат жагынан колдоо көрсөттү. Ошол учурда Казакстандан ун арзан келип тургандыктан, өзүм барып чийки зат ташып, өндүрүштү жолго койдум. Этти да түз жеткирүүчүлөрдөн алып, сапатка өзгөчө көңүл бурчумун. Алгачкы эки жылда ишти өз күчүм менен өнүктүрдүм. Кийин ишкерлерди колдоо фондунан 200 миң сом насыя алып, муздаткыч, жабдууларды сатып алдым. Улам инвестиция салып, өндүрүштү кеңейтип отурдук. Ишкерлик тынымсыз аракетти жана туруктуу өнүктүрүүнү талап кылат. Адегенде майда чүчпара чыгара баштасак, кийин манты, котлет, фрикадельки кошуп, ассортиментти кеңейттик. Суроо-талап өсүп, жумушчулардын саны да көбөйдү. Өндүрүштү автоматташтыруу максатында Европадан жабдуу алып келдик. Алгач ишти чакан цехте баштаганбыз. Кийин мүмкүнчүлүккө жараша өндүрүштү кеңейтип, заманбап шарттарды түздүк. Бүгүнкү күндө компаниябыз туруктуу өнүгүп, кызматкерлер үчүн заманбап жана комфорттуу эмгек шарттары камсыздалган, ишенимдүү иш алып барган ишканага айланды.

— Башында кыйынчылыктар кездешпей койбосо керек?

— Албетте, ар бир иштин башталышында сыноолор болот. Айрымдар эт менен иштөө оор дешет, бирок мен ар бир кыйынчылыкты тажрыйба катары кабыл алып, чечүү жолун издөөгө аракет кылдым. Алгач чүчпараны колго түйүп иштечүбүз, туруктуу кадр маселеси да оңой болгон жок. Убакыт өткөн сайын жамаат калыптанып, иш системага түштү.

Тамак-аш өндүрүшүндө сапатка жана сактоого өзгөчө көңүл буруу керек. Продукция ысырап болбошу үчүн тынымсыз көзөмөл жүргүзүп иштедик. Биз бүгүн да ашыкча жарнамага эмес, сапатка басым жасайбыз. Табигый курамды сактап, кошумча заттарды колдонбоого аракет кылабыз. Ошондуктан кардарлардын ишеними жыл сайын бекемделип келет.

Азыр “Атаман” тоңдурулган жарым фабрикаттары өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилет. Колго түйүлгөн да, автоматташтырылган өндүрүштөн чыккан да продукциялар бар.

Ишкерликте атаандаштык сөзсүз болот. Биз жеткиликтүү баа менен жогорку сапатты айкалыштырууга аракет кылабыз. Көлөм аркылуу иштеп, сапатты төмөндөтпөстөн кардарлардын талабын канааттандыруу негизги принциптерибиздин бири.

Жылдар бою тынымсыз эмгектин натыйжасында компаниябыз туруктуу өсүшкө жетишти. Бүгүнкү күндө «Атаман» бренди коңшу өлкөлөрдө да таанылып, жакшы пикирлер айтылып келет. Бул — үзгүлтүксүз аракеттин жана сапатка берилгендиктин жыйынтыгы деп эсептейм.

— Бизнесиңизди түптөгөнүңүзгө 25 жылдын жүзү болуптур. Андан бери технология өстү дегендей, кандай заманбап ыкмаларды колдонуп жатасыздар?

— Бүгүнкү күндө биз бир нече багытта иш жүргүзүп, бардык тармактарда жаңы технологияларды киргизүүгө аракет кылабыз. Өндүрүштү модернизациялап, жабдууларды жаңылап, процесстерди автоматташтыруу үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, кайра иштетүү тармагында айнек калдыктарынан курулушта колдонулуучу жылуулоочу материал чыгаруу долбоорун ишке ашырып жатабыз. Бул экологиялык жактан таза продукция болуп, бышыктыгы жана нымга туруктуулугу менен айырмаланат. Тоңдурулган жарым фабрикаттарды өндүрүүдө да чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды үйрөнүп, заманбап технологияларды колдонобуз. Ошол эле учурда негизги артыкчылыгыбыз – жылдар бою сакталган табигый рецепт. Биз кошумча жасалма кошулмаларды колдонбой, салттуу даамды сактоого басым жасайбыз. Ассортиментти кеңейтип, өндүрүштү этап-этабы менен өнүктүрүп келебиз. Ошондой эле энергияны үнөмдөө жана “жашыл экономика” принциптерин киргизүү боюнча да иштер жүрүп жатат. Биз үчүн эң башкысы — сапат, туруктуу өнүгүү жана коом алдындагы жоопкерчилик.

— Салык системасы боюнча кандай иштеп жатасыздар. Бул жаатта сиздерди кыйнаган маселелер барбы?

— Биз мыйзам талаптарына ылайык иш алып барып, салык системасынын бардык шарттарын аткарууга аракет кылабыз. Ишкерлик үчүн ачык-айкын жана туруктуу чөйрө абдан маанилүү. Экспорт багытында ишти кеңейтүү планыбыз бар. Бул багытта сапат стандарттарына толук жооп берүү үчүн кошумча лабораториялык текшерүүлөр талап кылынат. Учурда айрым анализдерди чет өлкөлөрдө жүргүзүүгө туура келет, ошондуктан бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз. Чийки зат маселеси да өндүрүш көлөмүнө түз таасир этет. Ошондуктан камсыздоо тармагын диверсификациялоо жана өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча иш алып баруудабыз. Жалпысынан алганда, ар бир маселе — бул өсүүгө мүмкүнчүлүк. Биз бардык процесстерди системдүү түрдө жакшыртып, туруктуу өнүгүүгө багыт алып жатабыз.

— Экспортко кайсы өлкөлөргө чыгып жатасыздар?

— Эки жылдан бери Россия мамлекетине, Казакстанга чыгуудабыз. Катар мамлекетине чыгалы деп алардын логистикасынан өтө алган жокпуз. Себеби, алардын логистикасынан өтүп, товар жеткирүү бизге кымбат түшүүдө. Ошого карабастан Катар, Дубайда иш жүргүзгөн биздин кыргыз жигиттер продукцияңыздарды экспорттойлу, уюштуруу иштерин өзүбүз жөндөйбүз, сиздер көлөм чыгарып бериңиздер деп жатышат.

— Адал сертификаты боюнча иш жүргүзөбүз дедиңиз, ал кандай негизде жүргүзүлүп турат?

—  “Атаман” тоңдурулган жарым фабрикаттарды чыгаруучу ишканасы иш жүргүзүп баштагандан бери эле адал сертификаты менен иш жүргүзүп келебиз. Адал сертификатын берүүчү уюмдар эскертпей туруп эле биздин ишканага келип, продукциялар кандай ыкма, кандай кошулмалар кошулуп жасалып жатат, бардыгын текшере алат. Бизде продукциябыздын адалдыгын тастыктаган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалагынын, Мыктыбек Арстанбектин халал-индустриясын өнүктүрүү борборунун сертификаттары бар. Продукциянын адалдыгын тастыктаган текшерүүлөр 2-3 ай сайын өтүп турат. Бизди текшерип жаткан уюмдар да өздөрүнүн сайтына биздин продукциянын адалдыгын тастыктаган сертификаттарын жарыялап турушат.

— Ишкер айымдын калыптануусуна жанындагы жан-жөкөрүнүн мамилеси абдан маанилүү болсо керек. Ушунча жылдык бизнестеги ийгилигиңизде жолдошуңуздун колдоосу турса керек?

— Жолдошумдун колдоосу – үй-бүлөөлүк жакшы мамилеси болду. Ал мамлекеттик кызматкер болгондуктан көбүнчө иш сапарларда болду. Биздин менталитетте аялдарга болбоду деген күндө деле эркек тарабынан басым болуп турат. Менин ага ыраазычылыгым – мага андай басым кылган жок. Көп эле аялдар бир нерсени кылам десе, күйөөлөрү тарабынан “үйдү кара, балдарды кара” деген чектөөлөр коюлуп калат. Ошентип, көп аялдар убагында каалоолорун орундата албай калышат.

Мен 18 жашка толгонумда апам катуу ооруп, каза болду. Бир жылча айылда жүрүп, 19 жашымда турмушка чыктым. Экөөбүз бир айылдык болгондуктан ата-энебиз кудалап үйлөнтүшкөн. Ал финансы тармагын кызыл диплом менен аяктап, ишке кабыл алыныптыр. Кайын ата, кайын энем кары адамдар болгондуктан аларды карап айылда жашадым. Мен да дарыгер болсом, окусам деп кыялданчумун. Үйлөнгөндөн кийин бир жылдан соң жолдошум Бишкекке алып келип, медициналык институтка тапшырып өтпөй калып, дароо эле медициналык училищага кабыл алындым. Экинчи балам боюмда бар экенинде училищаны аяктадым. Кийин кесибим менен иштеп жүрүп, балдарды катар-катар төрөдүм. Балдарым кичине кезинде 6 ай жолдошумдун жанында болсом, 6 ай айылга кайын ата, кайын энемдин жанына барып, алардын көзү өткүчө кызматымды кылдым.

Башында ишимди жаңы баштаганда жолдошум “балдарды кара, алардын окуусуна көңүл бөл, жетишпейсиң” деп бир аз каршылыгын көрсөттү. Бирок ага карабастан жолдошума билдирбей кичине бир жерди ижарага алып, ишимди кылып, кайра жолдошум жумуштан келгенче балдарымды үйгө алып келип, чарчап турганыма карабастан тамагымды жасап, аны тосуп алчумун. Себеби, “мен чарчадым, балдарга жетишпей жатам” деген бир сөз айтсам эле анын каршы болоорун билчүмүн. Мектепте, бала бакчада балдарымдын чогулуштарын калтырбай, ал жакта да ата-энелер комитетин жетектеп калчумун. Кийин менин ишимдин жыйынтыгы көрүнүп баштаганда анан жолдошум мени колдоп баштады.

Биз үйлөнгөндө үйүбүз жок далай орустардын үйүндө көчүп-конуп жашадык. 1990-жылдары жаштар көтөрүлүп чыгып, Ак-Өргө конушунан элдер жерлерди басып алганда биз да 4 сотых жерге ээлик кылып, ээн талаага барып, баткактан үй салдык. Жолдошум күчтүү финансист болуп, өтө так иштеди. Ошол жакта жашап жүрсөк “Вечерний Бишкек” гезитинин Ничиперонко деген кабарчысы “Күчтүү финансист 5 баласы менен шаардын четинде, ылай кечип, жумушка келет” деген макала чыгарыптыр.

— Биздин коомдо түрдүү таасир менен ар кандай пикирлерди таңуулоого машпыз. Аял иштебей эле үйдө отурсун, күйөөсү толугу менен камсыздоого милдеттүү деп чыга калабыз. Буга кандай пикирдесиз?

— Эгер аялды эркек камсыз кылып, ал даяр оокатта гана отуруш керек дей берсек, коомдогу лидер аялдар кайдан чыгат? Аял өзүнүн башынан алыс эч жакты көрө албаса, коомго татыктуу балдарды кантип тарбиялайт? Менимче, аял жок дегенде өзүнүн ички каалоолорун өчүрбөй, аракет кылса дейм. Колунан келишинче жолдошу менен кошо аракет кылып, бир нерсени жаратып, ошол нерседен ырахат алыш керек. Эркек деле аялдай адам, ал деле шартына жараша иштейт. Колунан келсе үй-жайдын баарын камсыздап берет.

— Балдарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз. Алар кандай мектепте окуп, билим алышты?

— Бүгүнкү күндө уул-кыздарымдын баары өз алдыларынча иш жүргүзгөн ишкер болуп чыгышты. Бала тарбиялоодогу биринчи мектеп – үй-бүлөө дегенге мен толугу менен кошулам. Балдарым менин ишиме аралашып жүрүп эле чоңойду. Улуу кызыбыз Анара шаарыбыздагы №70 мектепте окуп, финансы техникумун артыкчылык менен, Президенттик Башкаруу Академиясын аяктап, 20 жылдай Борбордук Азиядагы Евразия Фондунда директор кызматын аркалап, бир жылдан бери ишканабыз чоңойгондугуна байланыштуу бизде коммерциялык директор кызматын аркалап жатат.

Андан кийинки уулум Тилек №5 мектепте окуп, юридикалык жогорку билимге ээ болду. Ал азыр ресторан бизнесин жана үйдүн сыртын жылуулоочу каражаттарды чыгарган ишканабызды жетектейт. Уулум 7-классынан эле менин чүчпараларымды көтөрүшүп жүрүп бир күн байкасам, анын кадимкидей бышып-жетилгенин көрүп сыймыктандым. Ал юридикалык билимге ээ болду.

Ортончу кызым Айзат №70 мектепти, андан соң “Ала-Тоо” Эл аралык университетин аяктаган. Ал кызым өз алдынча үйдө баласы менен отуруп эле клининг фирмасын ачып, ага кошумча ал фирмаларга униформаларды бирөөдөн тиктирип жүрүп үйрөнүп алып, бүгүнкү күндө масштабдуу иш жүргүзүүдө. Кичүү кызым Нурзат түрк лицейинде, кийин Түркия, Европадан окуп, Нью-Йорктон магистратурасын психология жааты боюнча аяктап, азыркы учурда Лондондо “Wisefull” деген компанияны партнерлор менен биргеликте негиздеп, эл аралык деңгээлдеги ишкерлерге коучинг боюнча сабак өтөт. Кичүү уулум Мустафа да түрк лицейин бүтүрүп, бизнес боюнча билим алып, куран жаттап каары болду. Сиңдим Чолпонду да кызымдай эле кылып ээрчитип жүрүп, ал ишканабызда өндүрүш боюнча директор кызматын аркалайт.

— Мавлуда Мамановна, балдарыңыздын баары ата-энесинин кадыр-баркын арттырган балдар болушуптур. Ийгиликтүү баланы кантип тарбиялайбыз?

— Жолдошум экөөбүздүн бүгүн 11 неберебиз бар. Мен азыркы балдарды карап туруп алар өздөрү эле акылдуу деп ойлойм. Албетте, эми жолдошум экөөбүз балдарыбызды өзүбүздүн иш-аракетибиз менен эле ээрчитип жүрүп тарбияласак керек. Ал эми неберелеримди бош убагында ишканага алып барып ишке аралаштырып турабыз. Ошентсе да, азыркы заман талабы башка. Жакында эле 3 неберемди Вьетнамга математика сабагы боюнча олимпиадага алып барып, алар Кыргызстан боюнча 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

— Бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишкер айым, бактылуу эне болуп отурасыз? Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

— Бул жерде бир сыр бар деп деле айта албайм. Турмуш өзүнүн агымы менен тарбиялады. Балдарыма “мен жетишпей жатам, мага жардам бергиле” деп жүрүп эле бири-бирибизди тарбияладык. Балдарым бош отурганга убактысы болбогонуна карабастан сабактарын жакшы окушту.

Ушу күнгө чейин ар кайсы жерге барып, кеп-кеңеш кылганым жок. Болгон билгеним тынымсыз эмгек болду. Көп учурда ар кандай уюмдардан чакырып, “келип берсеңиз” дешет. Ошондой аялдар ассоциацияларына барып, жаш ишкерлерге өзүмдүн тажрыйбам тууралуу айтып, спикер болуп калам. Мен өзүмдүн ишиме барып, ошол жакта иштегенден эргүү алам.

Бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгүм – менин атамдын бир изинин уландысы десем деле болчудай. Атам өзүнүн заманынын ишкери болгон окшойт деп калам, себеби, ошол өз заманында эле өрүктөрдү кагып кургатып, өзүнүкүнө кошуп, айылдагылардыкын да сатып алып, өзбектерге сатчу. Албетте, анан бизнесте деле анча-мынча талант, тобокелчиликке бел байлоо керек. Балдарыма деле “ойчул ойлонуп отургуча тобокелчи тоо ашат” дептир, “иш баштайм десеңер сөз менен калтырбай дароо жасагыла” дейм.

— Алдыда 8-март майрамы келе жатпайбы. Майрамга карата аялзатына каалоо-тилек айтып өтсөңүз?

— Айымдарыбызга ден соолук каалап, Курманжан Датка энебиздей акылман, кайраттуу болушун каалайм. Мен чет өлкөлөргө чыккан сайын биздин кыргыз кыздарынын кадыр-баркы өсүп, өз орду бар айым катары сыпатталып жаткандыгын көрүп жатам. Кыргыз кыздарында баатырдык мүнөз бар. Биз баатыр элдин кызыбыз, эр жүрөк, тайманбас мүнөзүбүздү жашырбай, ар дайым алдыга умтулуп, коомдо өз ордубузду бекемдей берели.

Кенже Осмоналиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X