"Эркин-Тоо"

Автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 26 айдоочуга айып салынды

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы эки күн ичинде өлкө аймагында автоунаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 26 айдоочу кармалганын кабарлады.

Унаалардын баары убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ар бирине 20 миң сомдон айып салынды.

Мекеме 28-марттан 15-апрелге чейин өлкө аймагында «Тонировка» аталышында рейддик иш-чара жүргүзүүдө. Максаты, автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү менен тартипке келтирүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!