Аялын сабаган милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат

16-август, 2021-ж. / Редакция / Коом 29

Кара-Суу районунун Фуркат айылында аялын сабаган милиция кызматкеринин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-июль күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылынын 28 жаштагы тургуну Ш.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында жолдошу C. уулу Ч. пикир
келишпестиктен улам уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирген. Аталган факт Жоруктар
кодексинин 66-беренеси (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жубайларга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында ден соолугунан кыска мөөнөткө алып келген жеңил жаракат алышкандыгы аныкталган. Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө иштери жана тергөө амалдары уланууда.

Милиция кызматкери Араван районунда иштей турганы белгилүү болду.

16-август, 2021-ж. / Редакция / Коом 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X