Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга расмий сапар менен келди

18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118

Бүгүн, 18-октябрда Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Боордош өлкөнүн парламентинин Төрайымын “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар тосуп алды.

Эскерте кетсек, Сагиба Гафарова расмий сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.

18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X