Азербайжандын ЖОЖдору кыргыз студенттери үчүн квоталарды көбөйтөт

10-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 25

Түрк академиясынын Илимий кеңешинин 4-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Азербайжан Республикасынын билим берүү министри Эмин Амруллаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

КР БИМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Болотбек Купешев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттерди алмашууну арттырууну, кыргыз студенттери үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгып, Азербайжандын жогорку окуу жайларындагы квоталарды көбөйтүү сунушун киргизди.

Мындан тышкары билим берүү жаатында тажрыйба бөлүшүү жана жаңы идеяларды алмашуу максатында эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы Ректорлор ассоциациясын түзүү демилгеленди.   

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X