Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММАдан коло медаль алды

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 100

Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндары-2026нын алкагында кыргызстандык ММА спортчусу Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду.

Ал 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде жапониялык Кожиро Накашима менен кез келип, аны 3:0 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди да 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалда өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилди. Натыйжада Дастан Каныбек уулу Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X