Бүгүн, 28-апрелде саат 9:00 — 16:00 аралыгында №8 жана №9 троллейбустардын электр энергиясы өчүрүлөт. Буга байланыштуу бул троллейбустар көрсөтүлгөн убакытта каттабайт, деп билдирди Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Троллейбустар жүргүнчүлөр көп учурда — саат 06:00 — 09:00 жана 16:00 — 22:00 аралыгында каттамга чыгат.
«Бишкек жылуулук тармактары» мекемеси Жаш Гвардия бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн тарта Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта жылуулук түтүктөрүнө оңдоо иштерин жүргүзөт.