БАЭден келген делегация Кыргызстанды инвестициялоого кызыкдар

3-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 15

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

«Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Белгилеп кетейин, мамлекет тарабынан инвесторлорго шарттарды түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына киргизилди. Анын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ошондой эле атайын Инвестициялар министрлиги да түзүлдү. Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деди Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен бара тургандыгын маалымдады.

Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Садыр Жапаровго БАЭнин Президенти Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын, ошондой эле БАЭ вице-президенти жана премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын саламын жана жылуу каалоо-тилектерин айтты.

Сухейл Мохаммед Аль Мазруи анын визитинин максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу экенин белгилеп, өз ара аракеттенүүнү өкмөттүк деңгээлде активдештирүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында таратптар биргелешкен инвестициялык кызматташтыкты деталдуу иштеп чыгууга даяр экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, БАЭ делегациясы Президент Садыр Жапаров менен БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында келди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X