Байсалов Исламофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Кыргызстанда бардык дин өкүлдөрүнө тең мамиле жасалып, басмырлоого жол берилбейт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болуп, исламий маданий мурас менен катар дин тутуу эркиндиги жана плюрализм принциптерин карманат.

Ал эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө диний турмуш жанданганын айтып, мамлекет бул процесстин коомдогу ынтымакты чыңдоосуна өзгөчө көңүл буруп келерин белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров жетектеген саясаттын алкагында диндер аралык диалогду өнүктүрүү, сабырдуулукту күчөтүү жана маданий, диний ар түрдүүлүктү урматтоо багыты улантылып жатканы айтылды.

“Биз үчүн исламофобияга каршы күрөш диний жек көрүүнүн бардык түрлөрүнө каршы күрөш менен ажырагыс байланышта. Мусулмандарды басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Ошол эле учурда, христиандарга, иудейлерге жана башка диндин же ишенимдин жолдоочуларына карата да басмырлоого бирдей жол берилбейт. Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз жөн гана бири-бирибизге сабырдуулукту жана ар түрдүүлүктү көрсөтүү эмес, биздин ар түрдүүлүктүн байлыгын кабыл алуу жана баалоо”, — деди Байсалов.
17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X