Бактияр Асаналиев, Аламүдүн районундагы Байтик Баатыр айыл аймагынын өкмөт башчысы: Таза суу маселеси чечилип, жолдор салынууда
Быйыл эгемендүү өлкөбүздүн 35 жылдыгы белгиленет. Эгемендүү эркин өлкөнүн өткөн көөнө тарыхтарына көз чаптырсак, кайран кыраан кыргыз элинин жер каймактагандан берки жашоосу, турмушу элестелип, эт жүрөгүбүз эзилет. Катылган кас душмандардын катыгын берип, кашыктай каныбыз калганча кармаштык. Айкөл Манас баш болгон кыргыз элинин туу башы, жол башчы, хан, бектерин, эл бийлеген кеменгерлерин санай келсек сан жетпейт. Мына ошол ооматтуу кыргыз элинин эгерим эстен чыккыс чыгаан уулу, улугу Байтик Баатыр эмеспи. Кордугу күч Кокон хандыгынын курч азуусунан кыргыз элин сууруп чыккан, эркиндигибизди жеңип берип, беренибиз кыргыз элине бел болгон. Демек, эгемендүүлүгүбүздүн түпкүлүгү тээ алыста жатат турбайбы?..
Эл эч качан элин сактаган берендерин унуткан эмес. Мындан ары да унутушпайт. Эгемендүүлүктүн кышын кынаган кыраан кыргыз баатырларынын баскан жолу узак. Айтып сөзүбүз түгөнбөс, улам кийинки ууз муундардын жүрөгүнөн түнөк таап, ар дайым арабызда бирге жашайт. Мекенди сүйүү башатын баштаган улуу инсандарга миң мертебе рахмат.
Сары-Өзөн Чүйдүн туйгуну Байтик Баатырдын киндик каны тамган жер, албетте ыйык жер. Учурда баатырдын ысымын алган Байтик айыл аймагы урматка татыктуу тарыхый аймак десек, ак сөз.
Мына ушул айыл аймактын азыркы өкмөт башчысы Бактияр Чойбекович кадимки Атаке баатырдын укум-тукумунан. Баатыр аталар тууралуу агынан жарылып, эгемендүүлүктү түптөөгө каруусун казык кылган кыраан аталар жөнүндө жакшы билет. Улутубуздун уңгусун баштаган ата-бабаларыбыздын баскан жолу акыйкат жол. Бактияр Чойбекович айтмакчы улуу журттун учугун улап кеткен баатырлар баянын барктай берели. Эл ишенимине шек келтирбейли. Эмесе, Байтик Баатырдын ысымын алып жүргөн айыл өкмөттүн бүгүнкү жасап жаткан иштерине кезек берели.
— Бактияр Чойбекович, жетекчилик эки тизгин, бир чылбырды алганыңызга бир жылдан ашып баратат. Кечээги эл менен болгон жолугушууларда нечен жылдан берки чечилбей жыйылган көйгөйлөр айтылып, 6 саат чепте тургандай жоопкерчиликке тике карадыңыз, туруштук бердиңиз. Кемчиликтерди четтетүү оңой болбой калсын. Кабыргаңызды кайыштырган маселелердин канчасын чечүүгө үлгүрдүңүз?
— Ооба, эл менен болгон жолугушуулар жоон топ маселелердин учугун чубады. Айталык, биздин айыл аймактагы 6 айылда таза суу маселеси өтө начар абалда экен. Ошондой эле жол маселеси оорлогон, көчөлөрдү жарыктандыруу капардан чыгып калган. Мына ушул таза суу, жол, жарык көйгөйлөрү өзгөчө менин санаамдан чыкпай тынчтык бербеди. “Эмнеликтен мурдатан аракет кылышпаган? Элдин убалын ойлошпогону эмнеси?” деп чынында нааразы болдум. Мына ушул олуттуу 3 маселенин биринчи маселесин чечүүгө чечкиндүүлүк менен кириштик. Кечиктирилгис маселенин үстүндө бел чечпей иштеп, таза сууга болгон муктаждыкты жеңе баштадык десем болот.
Бу убакыт деген керек болсо темирди да чиритет турбайбы. Ар нерсеге өз маалында маани бербесең, камкордук көрбөсөң кээринен кетет белем. Элдин сыздаганындай бар экен. Байтик айылында таза суу маселеси 80%га чечилип калды. Эскирген, чириген түтүктөрүн, жыртылган шаймандарын жаңырттык. Буюрса, узак убакытка чейин кызмат кылышат. Сапаттуу курууга көз салып жатабыз. Куруучулар компаниясынын кыймылы мыкты. Кыдырдай кыдырып, кыймылдарына көз салам. Себеби, сапатсыз курулган курулуштарды да билебиз. Андыктан бир күндүк эмес, кылымдар солк этпес курулуштарды курууга тийишпиз. Өзүм негизинен ишкерлик менен шугулданып келгендигимден уламбы, тийди-качты мамилени жактырбайм. Айтылып жаткан суу боюнча куруу иштерине республикалык бюджеттен 70 млн сомго чукул каржы каралды. Каржыны сарамжалдуулук менен жумшоо керектигин ары өткөн, бери өткөн сайын кулактарына куюп жатам.
Ал эми Арчалы айылынын суу маселесин Араб туугандардын фонду аркылуу чечүүгө жетиштик. Кашка-Суу айылынын 3,5 чакырым эски түтүктөрүн да жаңырттык. Бул иштер айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланды. Ошондой эле Байгелди айылынын 600 метр жерин да өз күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз менен илгерилеттик. Айтканга оңой болгону менен кылаарга келгенде кыйын. Таза сууга таңсык элимдин тилеги орундалат. Биринчи маселемдин саатын чыгармайын жаным тынч албас. Суу жана суу деген эл үнү кулагымда күнү бүгүнкүдөй жаңырып турат.
Мына ушул милдеттерди аткаруу оор. Анткени, каржы жагы чыңдалмайынча иштер жылбайт. Пулуң болсо, кулуңмун деп бекер айтылбаган экен. Учурда дагы суу боюнча жаңы долбоорлорду жазып, даярдап жатабыз. Тийиштүү инстанциялар менен тил табышсак, көп жылдык көйгөйлөрдүн аягы сейректейт. Таза суу менен толук айылдарыбыз камсыз болот.
Экинчи маселем, албетте, жол маселеси. Айыл ичин аралап, чынында талапка жооп бергидей жолдорду көрө албадым. Азыркы техниканын заманында чалдыбары чыккан жол жарашпай калсын. Бирок, барып келип эле баягы каржы маселесине такаласың. Бир жакшы жери республикалык бюджеттин жардамы менен Байгелди айылынын 800 метр жолу асфальтталды. Кечээги чаңы сапырылган жол оңолуп, ары-бери өткөн элдин суроосу орундалды. Оңуп эле калышты. Эл менен болгон жолугушуулардын таасири тийди. Болбосо бул көкөйгө көк таштай тийген жол оңолот беле, ким билет? Мына эми кийинки эл менен болгон жолугушууларда жалаң кемчиликтер айтылбай, албетте жетишкендиктер, ийгиликтер баса айтылат. Демек, иштеш жана иштеш керек.
Байтик айылынын үч чакырымга чукул жолу оңдоого даярдалып жатат. Жаңы конуштардын жолдоруна кум, шагылдар төгүлүп, түзөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Байтик–Кашка-Суудан Ала-Арча паркына чейинки жолубуз көргөндүн көз жоосун алган заманбап жол болот. Парк көркүнө чыгып, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланат. Калп айткан менен болобу, айыл жерлеринде эл эс алар сейил парктар, аллеялар сейрек. Жаштарыбыздын айылдан качып жаткандыгынын бирден-бир себеби да ушундан. Айыл маданиятын жакшыртпасак, эртеңкибиз кейиштүү болуп калат. Келечек жаштардыкы экенин унутпайлы.
Эл үнү үчүнчү маселеге токтолсом, чынында көчөлөрүбүз караңгы. Кечкисин сыртка чыгуу кооптуу. Көчөлөргө шам чырактарды орнотуу мезгил талабы. Алты айыл жана жаңы конуштарды жарыктандыруу колго алына баштады. Мисалы, жаңы 187 столбаларды орноттук. 12 чакырым жерге заманбап зым чубалгыларын тарттык. Байтик айылынын көчөлөрүнө шам чырактар орнотулуп, түнкү айыл көрүнүшү кадимкидей жаркырады. Калган 5 айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында тендерди жарыяладык. Электр энергиясына болгон муктаждыкты кыскартуу максатында Ала-Арча суубуздун жээгине кичи ГЭС жеке компаниянын күчү менен курулуп жатат. Ошентип эл тарабынан козголгон 3 маселени чече баштадык.
— Жаңы окуу жылы жакындап калды. Даярдыгыңыздар табындабы?
— Учурда уучубуз куру эмес. 5 мектеп, 3 бала бакчабыз бар. Бардык мектептерде оңдоо иштери илгериледи. Айыл жеринде бала бакчага болгон суроо-талап жогору. Кашка-Суу айылында республикалык бюджеттин эсебинен 150 орундуу бала бакчабыз кайрадан жаңыртылууда.
Жаштар демекчи, жаштарды билим менен сугарууга айрыкча көңүл буруу зарыл. Ошондой эле спорттук иштерди да аябай чыңдоо керек. Биз спорттук колдоолорубуз боюнча кандай мактансак да жарашат. Улак боюнча “Байтик Баатыр” командабыз бар. Учурда Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн көл жээгинде машыгып жатышат. Буюрса биздин атыбыздан аламан байгеге катышышат. Жеңишти каалайбыз. Кыз-келиндер арасында өткөн Азия чемпионатында Салкынай Тазабекова кызыбыз коло медалга татыктуу болду. Али жеңиштери алдыда.
— Бактияр Чойбекович, келечек максаттарыңыздар тууралуу да айтып кетсеңиз?
— Зор жаңылык, 35 млн сомго лизинг аркылуу 11 заманбап техникалар менен камсыз болдук. Инвестиция тартуу максатында 6 гектар жердин саатын 7 сентябрга чейин чыгарып, мыйзам чегинде ишти баштайбыз. 5 компания келет. Ата мекендик өндүрүш ишканаларын ачабыз. Максат – жаңы жумуш орундары менен айылдыктарды камсыз кылуу. Ошондой эле компаниялар чыгарган продукцияларды бара-бара баралыбызга жеткенде чет өлкөлөргө чейин экспорттоо.
Баса, улуу Байтик Баатыр бабабыздын эстелигин орноткону жатабыз. Жеке демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылат. Эстелиги бийик, көрүнүктүү жерден орун алат. Байтик айыл аймагына келгендер оболу көк тиреп турган Байтик Баатыр айкели менен саламдашып, таазим этишип дегендей, андан кийин гана төрүбүзгө өтүшөт.
Айчүрөк Макешова