Бактыгул Абдыжалиев, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары: «Камсыздандыруу адамдарды турмушта кездешкен кесепеттерден дагы коргошу керек»

Кыргызстанда камсыздандыруу системасы бар болгону менен көпчүлүк жарандар анын зарылдыгын толук түшүнө бербейт. Айрымдар кырсыкка кабылган учурда гана камсыздандыруу бул каржылык коопсуздуктун жана коргонуу механизминин маанилүү бөлүгү экенин аңдашууда. Учурда унаа камсыздандыруусу бир кыйла популярдуу болгону менен өмүр, саламаттык жана мүлк камсыздандыруусу кеңири жайыла элек. Камсыздандыруу тармагындагы мамлекеттик жана жеке компаниялардын айырмасы эмнеде, бул тармакта жарандарды кызыктырган негизги суроолор кантип чечилип жатат? Ушул жана башка маселелер тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Абдыжалиев Бактыгул Рысбекович менен маектештик.

 — Бактыгул Рысбекович, Кыргызстанда камсыздандыруу системасы бар болгону менен, көпчүлүк жарандар аны эмнегедир анча колдоно албай жатышат. Бул элдин ишенбестигиненби же камсыздандыруу компанияларынын ишинде ачык-айкындык жетишпей жатабы?

— Бул жерде бир эле себепти айтууга болбойт. Биринчиден, камсыздандыруу маданияты Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу жаңы калыптанып келе жатат. Совет мезгилинен кийин бул тармак жетиштүү деңгээлде өнүкпөй калгандыктан, жарандардын бир бөлүгү камсыздандыруунун маанисин толук түшүнө бербейт. Экинчиден, акыркы жылдары камсыздандыруу рыногунда ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик жөнгө салуу механизми да акырындап күчтөнүүдө. Бүгүнкү күндө камсыздандыруу компаниялары лицензиялоо, отчеттуулук жана финансылык туруктуулук боюнча катуу талаптардын негизинде иш алып барышат. Ошол эле учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Адамдар камсыздандырууну кошумча чыгым катары эмес, каржылык коопсуздуктун маанилүү куралы катары кабыл алышы керек. Биздин негизги максат – дал ушул түшүнүктү коомдо кеңири жайылтуу.

— Жогорку Кеңеш биринчи окууда 5 баллдан жогору жер титирөөлөрдө төлөмдөрдү караган атайын камсыздандыруу пулун түзүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Эмне үчүн дал ушундай чек (порог) белгиленди жана бул пул жарандарга өрттөн же табигый кырсыктардан жабыркаганда жардам берүү системасын кандай өзгөртөт?

— Бул – турак жайды милдеттүү камсыздандыруу системасындагы эң маанилүү жаңычылдыктардын бири. Ал акыркы жылдардагы практикалык тажрыйбага жана биздин негизги максатка, жарандардын мүлкүн чындап коргоого негизделген. Бул жерде эки негизги чечим каралган: биринчиси — жер титирөө же башка табигый кырсыктар болгон учурда камсыздандыруу окуясынын чегин 5 баллга чейин төмөндөтүү; экинчиси — атайын камсыздандыруу пулун түзүү.

— Чектин 1 баллга төмөндөгөндүн өзү элге жеңилдик десек болобу?

— Мурда камсыздандыруу окуясы катары 6 баллдан жогору жер титирөөлөр гана эсептелчү. Бирок сейсмикалык активдүүлүктүн анализи көрсөткөндөй, Кыргызстандын шартында мындай чек жогору болуп калган. Биздин өлкө жогорку сейсмикалык активдүүлүк зонасында жайгашкан.Ошондуктан 5 баллга жакын жер титирөөлөр жетишерлик тез-тез болуп турат. Мындай күчтөгү жер титирөөлөрдө да көптөгөн үйлөр жабыркайт. Дубалдарда жаракалар пайда болот, ички жана сырткы жасалгалар урайт, чатырлар жабыркайт, морлор бузулат. Айрыкча мындай зыяндар айыл жерлеринде жана эски үйлөрдө көп кездешет. Бирок мурда мындай учурлар расмий түрдө камсыздандыруу окуясы катары таанылбагандыктан жарандар компенсациясыз калышчу. Дал ушул себептен камсыздандыруу окуясынын чегин 5 баллга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Негизи биз төмөнкү принципти карманабыз: «Камсыздандыруу адамдарды ири кырсыктардан гана эмес, күнүмдүк турмушта кездешкен табигый көрүнүштөрдүн реалдуу кесепеттеринен да коргошу керек».

— Камсыздандыруунун төлөмү боюнча да окурмандарга маалымат берсеңиз. Кокус масштабдуу кырсык болуп кетсе, камсыздандырган компаниялар зыянды ыкчам компенсациялай алабы?

— Табигый кырсыктардын дагы бир өзгөчөлүгү — алар массалык зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, күчтүү жер титирөө же ири суу ташкыны болгондо бир эле учурда миңдеген үйлөр жабыркашы ыктымал. Мындай учурларда камсыздандыруу системасына дароо эле чоң финансылык жүк түшөт. Дал ушундай жагдайлар үчүн камсыздандыруу төлөмү түзүлөт. Бул — ири масштабдагы табигый кырсыктардан келген зыянды жабууга багытталган бириктирилген финансылык резерв. Жөнөкөй тил менен айтканда, камсыздандыруу төлөмү – бул жарандар үчүн улуттук деңгээлдеги финансылык “коопсуздук жаздыгы”. Бул жарандар үчүн эң маанилүү нерсени билдирет, табигый кырсыктын масштабы кандай болбосун, камсыздандыруу төлөмдөрү сөзсүз жүргүзүлөт деген ишеним. Миңдеген үйлөр жабыркаган учурда да система жетиштүү финансылык ресурстарга ээ болуп, зыянды ыкчам компенсациялай алат.

— Айрым айдоочулар КАСКО же башка камсыздандырууну төлөгөнүнө карабай, кырсык болгондо акчасын толук ала албай калган учурлар айтылып келет. Бул системанын алсыздыгыбы же келишим шарттарын туура түшүнбөгөндүктөнбү?

— Мындай учурлар көбүнчө камсыздандыруу келишиминин шарттарын толук түшүнбөгөндүктөн келип чыгат. Камсыздандыруу — бул юридикалык келишим, анда тараптардын укуктары жана милдеттери так көрсөтүлөт. Мисалы, айрым камсыздандыруу продуктуларында франшиза каралышы мүмкүн же төлөм белгилүү шарттарда гана жүргүзүлөт. Эгер кардар бул талаптар менен алдын ала толук таанышпаса, кийин түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде эки тараптын тең жоопкерчилиги бар. Камсыздандыруу компаниялары келишим шарттарын ачык жана түшүнүктүү кылып түшүндүрүүгө милдеттүү. Ал эми кардар келишимге кол коюудан мурда аны кылдат окуп чыгышы керек. Жалпысынан алганда, акыркы жылдары камсыздандыруу рыногунда төлөмдөрдүн көлөмү да, ачык-айкындуулук да өсүүдө. Бул тармактын акырындап жетилип жатканын көрсөтөт.

 — Айтмакчы, көпчүлүк жарандар ОСАГО менен КАСКОнун айырмасын так билбейт. Бул маалыматтын жетишсиздигиненби же системанын өзү татаалбы? КАСКОнун ОСАГОдон кандай артыкчылыгы бар?

— Бул жерде негизинен маалыматтын жетишсиздиги чоң роль ойнойт. Чындыгында бул эки камсыздандыруунун түрү бири-бирин толуктап турат, бирок алардын максаты ар башка. ОСАГО – милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат жана ал жол кырсыгы болгон учурда үчүнчү жакка келтирилген зыянды жабууга багытталган. Башкача айтканда, айдоочу күнөөлүү болсо, жабыркаган тарапка төлөм ушул камсыздандыруу аркылуу жүргүзүлөт.

КАСКО болсо ыктыярдуу камсыздандыруу болуп, ал унаа ээсинин өз мүлкүн коргоого багытталган. Ал жол кырсыгы, уурдоо, табигый кырсыктар жана башка күтүүсүз жагдайлардан келип чыккан зыяндарды жабат.

КАСКОнун негизги артыкчылыгы – тобокелдиктердин кеңири спектрин камтыйт. Ошондуктан ОСАГО менен КАСКОнун айкалышы айдоочунун эң толук камсыздандыруу коргоосун камсыз кылат.

— Менчик камсыздандыруу компаниялары көбөйгөнү рынок үчүн жакшы көрүнүш. Бирок алардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөл жетиштүүбү? Мамлекеттик жана жеке камсыздандыруу компанияларынын ортосунда кандай негизги айырмачылык бар? Эл кимисине ыктаса утулбайт?

— Камсыздандыруу рыногунда мамлекеттик жана жеке компаниялардын болушу — дүйнөлүк практикада кеңири колдонулган жана натыйжалуу модель. Бул атаандаштык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана рыноктун өнүгүшүнө шарт түзөт. Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгү мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Алар лицензиялык талаптарды сактоого, финансылык резервдерди түзүүгө жана отчеттуулукту камсыздоого милдеттүү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун негизги өзгөчөлүгү – анын артында мамлекеттин жоопкерчилиги жана стратегиялык ролу турат. Айрыкча социалдык мааниге ээ программаларды ишке ашырууда мамлекеттик институттун ролу чоң. Ал эми жеке компаниялар рыноктук кызматтарды өнүктүрүүгө, жаңы продуктуларды киргизүүгө жана атаандаштыкты күчөтүүгө багыт алышат. Ошондуктан жарандар үчүн эң негизгиси — компаниянын ишенимдүүлүгүнө, лицензиясына, финансылык туруктуулугуна жана кызмат көрсөтүү сапатына көңүл бурушу зарыл.

— Кыргызстанда камсыздандыруунун түрлөрү көп болгону менен практикада негизинен унаа камсыздандыруусу гана активдүү колдонулат. Эмне үчүн саламаттык, мүлк же өмүр камсыздандыруусу кеңири жайылбай жатат?

— Бул биринчи кезекте камсыздандыруу маданиятынын деңгээли менен байланыштуу. Унаа камсыздандыруусу жол кырсыктарынын реалдуу тобокелдиктери менен түз байланышта болгондуктан, жарандар аны тезирээк кабыл алышат. Ал эми өмүрдү, саламаттыкты жана мүлктү камсыздандыруу — узак мөөнөттүү коргонуу механизми. Мындай кызматтарга болгон суроо-талап көбүнчө экономикалык туруктуулук жана финансылык пландоо маданияты менен шартталат. Ошол эле учурда акыркы жылдары Кыргызстанда, айрыкча табигый кырсыктардан коргоо багытында мүлктү камсыздандыруу активдүү өнүгүп жатат. Бул өлкөнүн сейсмикалык жана климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алганда өтө актуалдуу. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул багытта калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүп, камсыздандыруу кызматтарын жеткиликтүү кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X