Бакыт Нурудинов жаңы кызматка дайындалды

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Нурудинов Бакыт Нурудинович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

 

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X