Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын депутаттарын кабыл алды

1-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар жөнүндө сүйлөштү.

“Кыргыз-азербайжан кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын терең канааттануу менен белгилегим келет. Быйыл биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жакшы келечеги бар экенине ишенем”, — деди Төрөбаев.

Ал эми Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Джаваншир Фейзиев: “Кыргызстан менен Азербайжандын парламентарийлери түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеяларынын жана КМШга мүчө-өлкөлөр арасында натыйжалуу диалог жүргүзүүдө. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча маңыздуу иштерди улантуу боюнча биргелешкен аракеттерге жаңы дем берет”, — деди.

1-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X