Балыкчыда 50 мугалим «Калем Лидерлер» академиясында окууга мүмкүнчүлүк алды
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Балыкчы шаарында мугалимдер менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Жолугушууда агартуучулардын негизги муктаждыктары айтылып, тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарына көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында депутат мугалимдерди өткөн кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын билимин өркүндөтүүгө багытталган демилгени колдоду.
Тактап айтканда, «Ак-Булут» кайрымдуулук фонду менен биргеликте 50 мугалимге «Калем Лидерлер» академиясында алты айлык окуу курсунан өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сертификаттар тапшырылды.
Мындан тышкары, Лев Толстой атындагы орто мектептин окуу-методикалык базасын чыңдоо максатында ар түрдүү тематикадагы 610 нуска китеп берилди
Бул демилгелер мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.