Бардык мамлекеттик органдар коррупцияга батышкан
Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин биргелешкен жыйыны учурунда билдирди. “Эң коррупциялашкан орган Мамлекеттик катоо кызматы. Андан кийинки орунда Транспорт жана жол министрлиги турат. Ички иштер, билим берүү жана илим, эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтери да эл менен эң көп иштешкен ведомстволор болгондуктан коррупциялашкан” ,-деди Курманкул Зулушев.