Бардык жолдор Шекерге алып барат

5-февраль, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Чыңгыз Айтматов дегенде Шекер айылы эске түшөт. Анткени Айтматов өз айылын анын каармандары менен бүт ааламга таанытты. Дүйнөдө өз айылына  мынчалык  атак-даңк алып келген эч ким жок болсо керек. Биз Габриэль Маркести колумбиялык жазуучу деп билебиз. Бирок анын айылын  билбейбиз. Азыр анын балалыгы өткөн үйү  музейге айланган. Ал жерге Шекерге келгендей эл агылып келеби жокпу  айта албайм.  А Шекерге  Батыш менен Чыгыштан  Айтматовдун окурмандары  агылып келе берет, келе берет. Ошондой туристтердин бири  атайын Швециядан  Шекерге келип Айтматовдун музейин көрүп жүрүп көзүнө жаш алган экен.  Ким билет,  ал ошончо арзып, алыстан келип Айтматовдун айылын көргөнгө өрөпкүп  ыйладыбы  же  атайын  келген Шекеринен Айтматовдун  ааламын  көрө албай көкүрөк боштугунан   ызага буулукту бекен?.. 

Көргөзмөдөн музейге карай жол

Шекер айылындагы  Күркүрөө маданият үйүнүн алдындагы  бир бөлмөнү ээлеген Айтматовдун музейи  1978-жылы улуу  жазуучунун 50 жылдыгына карата көргөзмө болуп ачылып, азыркыга чейин дээрлик эч нерсеси өзгөрбөй ошол бойдон турат. Ошондо коюлган экспонаттарга 42 жыл болуптур. Ал жерде Айтматовдун жеке буюмдарынан бир пальтосу, анан бир столу, кол машинкасы  коюлган. Калганы бүт рамкага  салынган сүрөттөрдөн турат.  Музей дегенибиз менен мыйзамдуу түрдө музей статусу жок. Улуу Айтматовдун көзү өткөндөн кийин да ал жерге мамлекет тарабынан эч бир көңүл бурулган эмес.  Учурда айылдын намыскөй уулдарынын бири Сейдакбар Исматаев тарабынан  Айтматовдун Маданият үйүндөгү музейин кеңейтүү жана  музей статусун берүү аракети көрүлүүдө.  Ал 2015-жылдан бери “Чынгыз  ордо”  коомдук бирикмесинин коомдук башталыштагы  генералдык директору болуп саналат.

Сейдакбар Исматаев

Сейдакбар Исматаев:  Чындыгында маданият үйүндөгү  музей эмес, көргөзмө деп аталат.  Мында болгону 1 штат бар. Айлыгы 4500  сом. Айылдагы музейди райондук деңгээлдеги музейге айландыралы деп  аракет кылып жатабыз.  Өзүм да Шекер айылынын депутатымын. 4 ай мурун Айылдык кеңешке  бул боюнча маселе киргизип, 100 миң сом акча бөлдүрдүм.  Мында  242эле экспонат бар экен. Музей болуш үчүн  экспонаттардын саны 1000ден  ашык болушу керек. Музейлер боюнча биздеги жалгыз искусство илимдеринин кандидаты Назира Момункулова  менен  кайсы экспонаттарды  койсо болот деп кеңешип,   Айтматовдун доорундагы  буюм-тайымдарды керек болсо базарларды кыдырып   сатып алып, жазуучунун  бардык китептерин чогултуп, сүрөттөрүн  чыгартып   айылга алып барып койдук.

Эрежеге ылайык  сүрөттөр  экинчи даражадагы экпонаттарга кирет. Музейдин мазмундуу болушу үчүн жеке буюмдары  маанилүү.  Мына ушундай баалуу экспонаттар  да табылып жатат. Убагында  айдоочусу болуп жүргөн Урмат аттуу адамга  Айтматов өзү жаңгактан жасалган  столун “ушул столду Урмат иниме белекке бердим”  деп кагазга жазып  калтырган экен. Урмат аны да музейге экспонат катары берүүгө макул болуптур. Анда жазуучунун мүштөгү да бар экен. Мындан тышкары Кино үйүндө жетекчи болуп жана чет мамлекетте элчилик кылып жүргөндөгү буюмдары да алынып келип музейге коюлмакчы. Ошондой эле Бельгияда элчи болуп жүргөндөгү кызматтык унаасын учурунда Мелис Турганбаев Бишкекке алып келип берген. Келечекте ал дагы кичи мекенинде музейге  коюлат деп ойлойм. 

Дем алыш — музейлер  үчүн эмес

Сейдакбар Исматаев  буга   чейин  музейди ачуу  жана анын каржысын чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен бийликке жаңы келген Садыр Жапаровго  2 ирет кайрылат.  Анын айтымында  учурда Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өкмөттө бул боюнча  иш жүрүп жатат. Өткөндө Премьер-министрдин милдетин  аткаруучу, 1-вице-премьер-министр  Артем Новиков өзү  Шекерге барып кетти.  Облустук бийлик  да өз аракетин көрүүдө.  Сейдакбар байкенин  айтымы боюнча эгерде музей ачылса  ал жерде 7 киши эмгектенип,  жылдык бюджети 950 миң сомду түзөт. Райондук деңгээлдеги музей  кадимки типтеги жобо боюнча  иштеп,  гид жана башка персоналдар болот.  Демек, мында келгендер үчүн дайыма эшик ачык болуп, туристтерди кабыл алууга жакшы шарт түзүлөт.  Талап боюнча музейдин  аянты 150 чарчы метрден кем болбошу керек. Маданият үйүндө  музейдин аянтын кеңейтүүгө шарт бар. Алыстан, жакындан келген адамдар үчүн музей дайым иштеп турушу керек. Тилекке каршы,  кээде жабык турган  учурлар да болот. Анткени азыр мында 1 эле адам иштейт.“Мен айылга көп барып  турам.  Мени күйгүзгөнү бул — былтыр барсам Маданият үйүнүн жанында  бир кичинекей кыз менен эки адам туруптур. Байке, музей бүгүн (дем алыш күн болчу) иштебейби деп сурап калды. Көрсө Герменияда жашаган кыргыз кызы немец күйөөсү менен атайын Бишкектен Шекерге келишиптир. Атайын алыстан келишсе деп музейдин жетекчисин чакырттым. Анан дагы жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигине таң калам. Жаркыратып музейди иштетип койгонсуп айылга кире беришке англис тилинде  “Чыңгыз Айтматовдун музейи”  деп  такта илип коюшкан”, — дейт Сейдакбар байке.  

Шекерди Айтматовдук Меккеге айландырышыбыз керек

Улуу жазуучубуздун көзү өткөнүнөн бери 14 жылга карады.  Ааламга атагы таш жарган бирден-бир залкар жазуучу, улуу ойчул, гуманист катары  таанылган  даанышман инсан,  кыргыздын уулу  Чыңгыз Айтматовду барктай албаган деги биз кандай элбиз?  Айтматовдун Шекерине  алыстан ат арытып келгендердин  көөнү толуп,  көзү сүйүнгөндөй  эмне бар?  Азыркыга чейин көңүл жылытарлык эч нерсе жок!   Айтматовдун  айылына  келген туристти  баягы 50 жылдыгында көргөзмө болуп ачылган бир бөлмө музейи  суз тосуп алат. Дагы эмне бар десе “Ачык асман  алдындагы музейин”  айтышат. Ал жерге барса чөп басып, жанындагы дарактын бутактары куурап турган,  Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынын  бири кыйшайып жыгылганы калган же башы кертилип сынып түшкөн таш эстеликтери томсоруп турат.  Анан келген ар бир адам Айтматов  туулган, балалыгы өткөн үй кайсы десе  алакан жайып “ал жок болуп кеткен да” деп ийин куушуруп кутулат.  Буга мен өзүм күбө болгом.  Ошондо алыстан  арзып  келген турист эмес, Шекер айылынан ат чабым  жерде турган айылдан барган мен ызага муунуп,  көзүмдөн жаш тегеренген. Ал таасирлерим боюнча  мурда гезитибизге жарыяланган эки макаламда  (“Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек” 2016-жыл, 26-июль;  “Шекердин суусу да,  ташы да Айтматов деп сүйлөгөндөй болушу керек” 2017-жылдын 11-июлу)  жазган  элем.

Планетардык масштабдагы улуу жазуучу, дүйнөлүк адабият асманынын чолпон жылдызы  Чыңгыз Айтматовду  ушу кезге чейин баалап-барктай  албаган бечералыгыбыз ардантпай койбойт. Айтматов аркылуу кыргызды дүйнө тааныды. Дүйөнүн 150 өлкөсүндө  100 миллиондогон тираждар менен басылган кыргыз жазуучусунун  чыгармаларынын  мааниси, актуалдуулугу дагы далай кылымдарда да эскирбейт.  Улуу адамдын көзү өттү. Эми анын  окурмандары  Айтматов менен жолугуш үчүн Шекерге келишет, келип жатышат, дагы келе берет. Шекерди  келген адамдардын көөнү толгондой кылып Айтматовдук  Меккеге айландырышыбыз керек. Бул биздин эл катары кудурет-күчүбүздүн, нарк-насилибиздин да   көрсөткүчү   деп эсептейм.

Муз ордунан жылды

Күркүрөө маданият үйүнүн директору Саматбек Рыспаевдин айтымында Түркиядан адамдар келип комплекстин аймагына Чыңгыз Айтматов атындагы лицей имаратын салуу жөнүндө айтышса, Түштүк Кореядан да келгендер Шекерге конок үйүн салып берели деген ойлорун билдиришкен. А биздин акчалуу адамдарыбыз эмне дээр экен?..

Учурда  мекенчил  айрым адамдардын аракети менен иш жыла баштады. 2018-жылы  9-январда    Шекер айылына  “Чыңгыз ордо” комплексин  куруу жөнүндө Өкмөттүн № 9 токтому чыкты.  15 гектар жер трансформацияланып, комплексти курууга берилди.   Тендер өткөрүлүп   комплекстин курулушуна 66 млн сом каралды.   Бөлүнгөн каражаттын 31 миллиону каржыланды. Учурда 40 метрлик диаметрдеги   жерге  Айтматовдун  эстелиги коюлчу ордосу  курулду. Бирок калган каражат бөлүнбөй турат. 2020-жылы 1 тыйын да бюджеттен каралган эмес. 

Ордосу курулса да  Айтматовдун эстелиги  коюлбай турат. Анын себеби, каражаттын  деле жоктугу эмес. Баягы кыргыздын ырк келишпей, өз ара талашынан улам токтоп турат. Долбоор боюнча 5 метрден кем эмес бийиктиктеги жазуучунун эстелиги коюлушу керек. Бирок  ошол эле айылдан чыккан кыргызга таанымал  чыгаан жигиттердин бири башка  2,5 метрлик эстеликти жактырып, ошону коюш керек деген талашынан улам иш создуктурулуп кеткен. Көпчүлүктүн пикиринде  15 гектар жерге бул эстелик ылайык келбейт жана ал  бир топ жыл мурда башка жерге коюу үчүн жасалгандыктан эскирип, келбети  да кеткен.  Баарынан кызыгы 5 метрлик эстелик үчүн бөлүнгөн  2 млн 600 миң сомду Мамкурулуштун Талас облусу боюнча башчысы алып кетип,  ошол бойдон ал акча кайда экени белгисиз. Ал бирөөгө  бергени же  башка эмне  кылганы боюнча эч кандай документ  же акчанын өзү да дайынсыз, — дейт Сейдакбар Исматаев. 

Канча жылдык эмгектен кийин Өкмөт токтом кабыл алып, муз ордунан жылганда минтип иш  солгундап  калганы жакшы эмес.  Сейдакбар Исматаев бул үчүн канча убактысын жана нервин коротуп,  айыл өкмөтү жана айыл кеңешинен токтом менен чечимин  чыгарып,  167  барактан турган документ топтоп,  2017-жылы 5-декабрда Өкмөткө тапшырат. Өкмөттүн токтомунун чыгышына  учурунда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, кийин вице-премьер-министр болгон  Даир Кенекеевдин,  депутат Рыскелди Момбековдун да салымы  чоң болгон.

5-февраль, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X