Башкы прокуратура коррупцияга каршы мыкты журналисттик материалдарга конкурс жарыялады

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы журналисттерди, блогерлерди жана медиадолбоорлордун авторлорун «Аң-сезимди өзгөртүп — адал коомду түзөбүз» аталышындагы конкурска катышууга чакырат.

Конкурс коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда. Анын максаты — коомдо чынчылдык маданиятын калыптандыруу, коррупцияга чыдамсыз мамилени бекемдөө жана жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.

Сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт. «Мыкты материал» номинациясына макалалар, талдоо материалдары, баяндоолор жана автордук колонкалар кабыл алынат. Ал эми «Мыкты видеосюжет» номинациясы видеорепортаждарды, маектерди, даректүү жана башка видеоматериалдарды камтыйт.

Конкурска 2026-жылдын 9-октябрынан тартып жарыяланган же эфирге чыккан мамлекеттик жана расмий тилдеги эмгектер сунушталат. Катышуучулар жеке автор катары же автордук жамааттын курамында ат салыша алышат. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Конкурска катышуу үчүн ар бир материалга өзүнчө өтүнмө, эмгектин өзү же ага активдүү шилтеме, авторлор тууралуу маалымат, байланыш маалыматтары, ошондой эле материалдын жарыяланган жери жана датасы көрсөтүлүшү керек.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 3-ноябрына чейин кабыл алынат.

Документтерди antikor@prokuror.kg электрондук дарегине же Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 139 дарегине жөнөтүүгө болот.

Кошумча маалыматты 0312 54-29-84 жана 0312 54-28-62 телефондору аркылуу алууга мүмкүн. Конкурстук материалдарды баалоо критерийлери Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланган.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X