Баткен: Чек арадагы абал турукташып калды
Акыркы маалыматтарга ылайык, Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал тынч, кырдаал көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жаңжал чыккан аймактагы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп, Көк-Таш айылынын карыялары, аялдар жана балдар Баткен шаарына жеткирилип, коопсуз жерге жайгаштырылды.
Тулаев, жаңжал маалында кыргызстандык бир жаранга чачма ок тийип, анын саламаттыгына коркунуч жоктугун, абалы туруктуу экенин, эки өлкөнүн күч кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле чек арадагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы мурдагыдай эле тартиптеги кайтарууда экенин кошумчалады.
Эске салсак, 28-апрелде «Головной» тилкесиндеги кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. 29-апрелде эртең менен Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жол боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таш ыргытылганы да айтылган.