Баткен: Максат айылындагы мектеп салынып бүтүп, окуучуларды кабыл алды

16-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 42

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын орто мектеби ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, облустук, райондук жетекчилер, мектеп мугалимдери, окуучулар, ошондой эле айыл тургундары катышты.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжалдан улам Максат айылынын орто мектеби өрттөнүп, жараксыз абалга келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X