Баткен: Мектептер кайрадан иштеп баштады

31-январь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 27

Бүгүн, 31-январда Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Эске салсак, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы окуу процесси токтоп калган.

31-январь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X