Баткен облусунда иш менен камсыз болбогон кыз-келиндердин ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди. Маалыматка караганда, Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышкан. Алар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын рыноктун талабына ылайык кургатууну, бизнес план түзүүнү үйрөнүшкөн. Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес план түзгөн 8 айымга 400 долларлык грант берилди. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз-келиндерге, ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар берилди. Бул иш-чара «Диалог, ишеним, укук» коомдук бирикмесинин «Баткен шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» долбоорунун алкагында ишке ашты.