Баткенде Өзбекстан тарап мектеп куруп жатат

12-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 26

Баткен районунун Самаркандек айылында Өзбекстан тарап куруп жаткан мектептин курулушу 30%га аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Мектептин курулуш иштерине жалпы 40ка жакын жумушчу тартылган. Алардын 30га жакыны Өзбекстандан келген. Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 кабаттан турмакчы. Долбоор боюнча мектеп толугу менен салынып бүткөрүлсө, анда 5-11-класска чейинки окуучулар билим алышат.

Баткен облусунда учурда 8 мектеп салынууда. Анын ичинен экөөнү Өзбекстан курууда, бири Баткен районунун Самаркандек айылында, экинчиси Лейлек районунун Маргун айылында курулуп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X