Баткенде аскердик машыгуулар башталды
Баткенде «Түштүк-2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды.
Машыгууда республиканын аймактарында аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик түзүм, мамлекеттик башкармалык жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү каралды. Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катыша тургандыгы белгилүү болду.