Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну Үч-Коргон айыл аймагындагы товар сактаган кампасынан 2023-жылдын 13-март күнү жалпысынан 228 миң сомдук сатылуучу буюмдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Үч-Коргон АМБнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Ош облусунун Отуз-Адыр айылынын тургуну 54 жаштагы М.А., Ош облусунун Ноокат районунун тургундары 59 жаштагы Д.А. жана 68 жаштагы Ж.Т. Үч-Коргон айыл аймагынан аныктап кармашкан.
Шектүүлөр кармалган учурда жанынан жабырлануучунун уурдалган буюмдары далил зат катары табылган.
Азыркы күндө уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланууда.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы