Баткенде «Талаа күнү» өткөрүлөт

28-апрель, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 27

29-апрель күнү Баткен облусунда багбандар жана дыйкандар үчүн «Талаа күнү» өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

«Талаа күнүндө» заманбап мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сорттору, көчөт отургузуу, бутоо, коргоо, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу боюнча маалыматтар берилет.

Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан уюштурулат.

28-апрель, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X