Баткендеги ирригациялык объекттер көзөмөлгө алынды

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 97

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек жана Баткен райондорундагы ирригациялык системалардын ишин жана курулушу жүрүп жаткан объекттерди жеринде текшерди.

Иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Дашравад жана Арка насостук станцияларынын иши каралып, дыйкандарга сугат суусу үзгүлтүксүз берилип жатканы белгиленди. Ошондой эле Маргун суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын сугат иштерине пайдаланылышы көзөмөлдөндү.

Мындан тышкары, Баткен районунун Самаркандек айылында курулуп жаткан бала бакчанын жана соода борборунун курулуш иштери текшерилип, сапатты камсыз кылуу жана объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Иш сапарынын соңунда Ак-Татыр каналы жана Ак-Сай насостук станциясынын абалы каралып, тиешелүү жетекчилерге сугат мезгилинде дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо, ирригациялык объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар жүктөлдү.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X