«Бави» тайфуну Кытай, Япония жана Тайванды каптады

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 256

Күчтүү «Бави» тайфуну ишемби күнү кечинде Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясына жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.

Табигый кырсыктын алдында кооптуу аймактардан 1,7 миллиондон ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Адистердин маалыматына караганда, тайфун кургактыкка чыккандан кийин түндүк-батыш багытында жылып, бара-бара күчүн жоготот.

Буга чейин «Бави» Япониянын түштүк аралдарын каптап, катуу жаан жана шамал менен коштолгон. Тайвандагы аба ырайынын кескин начарлашынан улам 10 миңден ашык тургун эвакуацияланып, 150 миңден ашуун үй электр энергиясыз калган. Ошондой эле 1100дөн ашык ички жана эл аралык каттамдар токтотулуп, мектептер менен кеңселер убактылуу жабылган.

Тайбэй шаарында шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымдан ашып, бак-дарактар кулап, электр линиялары жабыркаган. Айрым дарыялар жээктеринен ашкан.

Япониянын Окинава префектурасында да миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калган. Сакисима аралдарында шамалдын туруктуу ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жетип, 24 миңден ашык үй электр энергиясыз калган. 345 аба каттамы токтотулуп, паромдордун жүрүшү убактылуу токтотулган.

«Бави» өткөн аптада АКШнын Тынч океандагы аймактары — Гуам жана Түндүк Мариан аралдарынын үстүндө «супертайфун» катары пайда болгон. Кийин Филиппиндерде сел жана жер көчкүгө себеп болуп, кеминде 17 адам каза таап, 9 киши дайынсыз жоголгон. Табигый кырсыктан 500 миңдей адам жабыркап, 11 миң тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 256
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X