Бажы кызматкерлеринин пенсиясын эсептөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Кыргызстанда бажы органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажын эсептөө, пенсия дайындоо жана төлөө тартиби өзгөрөт. Тиешелүү жобону бекиткен №674 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 7-октябрында кол койду.
Жаңы эрежеге ылайык, пенсиялык стажга Кыргызстандагы, КМШ өлкөлөрүндөгү жана мурдагы СССРдин бажы органдарындагы кызмат, айрым мамлекеттик органдардагы иш, аскердик кызмат жана окуунун белгилүү мезгилдери кошулат.
Күндүзгү окуунун беш жылга чейинки мөөнөтү стажга эсептелиши мүмкүн. Мында окуунун бир жылы кызматтын алты айына барабар болот.
Бажы тармагындагы айрым бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жеңилдетилген эсептөө каралган. Бажы укук бузууларына, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, ички иликтөө жана коррупциянын алдын алуу бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн бир күн стажга бир күн жана үчтөн бир күн болуп эсептелет.
Бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөндөрдүн стажы да жеңилдетилген тартипте эсептелет. Деңиз деңгээлинен 1500–1999 метр бийиктикте кызмат өтөгөн бир күн бир жарым күнгө, ал эми 2000 метрден жогору аймактарда бир күн эки күнгө барабар болот.
Эгер бир эле кызмат мезгилине бир нече жеңилдик туура келсе, кызматкерге эң пайдалуу шарт колдонулат.
Пенсиянын өлчөмү кызматтык маяна, атайын наам үчүн төлөнүүчү маяна, эмгек стажы үчүн үстөк жана азык-түлүк паегунун наркы эске алынып эсептелет.
Мындан тышкары, мурда бажы кызматында иштеген жана иштебеген пенсионерлерге бала төрөлгөндө, ошондой эле багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо көмүү үчүн жөлөкпул каралган. Анын өлчөмү жети эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Жаңы токтом күчүнө киргенге чейин эсептелген эмгек стажы кайра каралбайт.
Документ расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.