Бельгия, Швеция жана Чехияда абал курч

18-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 25

Бельгияда эпидемиологиялык абал курчуду. Илдетке кабылгандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, өлкөдө жарым-жартылай чектөөлөр киргилизилип, бет кап тагынуу эрежеси кайрадан киргизилди. Айрым ишкана, мекемелер 12-декабрга чейин кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрдү.

Швециянын бийлиги 1-декабрдан тартып ковид-паспортторду киргизүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министри Лена Халленгрендин айтымында, коронавируска байланыштуу өлкөдө кайрадан чектөөлөр киргизилет. “Биз бардыгына даяр болушубуз керек. Албетте карантинди толугу менен киргизүүдөн алыспыз, бирок абалга жараша чараларды көрүүгө аргасызбыз”, -дейт ал.

Акыркы аптада коронавирус илдетине кабылгандардын саны Чехияда дагы өстү. Шаршемби күнү өлкөдө бир суткада 22,5 миң адамдын илдетти жугузуп алгандыгы тастыкталган. Буга байланыштуу өлкөдө кайрадан чектөөлөр киргизилди. Вакцина албагандарга чара көрүү чечими карала баштады. Өлкө бийлиги бардык аракеттерди көргөнгө карабастан, эпидемиологиялык абал курчуп жатканына кабатыр болуп, илдетти жайылтпоо максатында кошумча чараларды колдонууну караштыра баштады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X